Садыр Жапаров, экс-депутат: “Түрмөлөрдө 50-60 пайыз күнөөсүз адамдар отурушат”

— Абдан жакшы тосуп алышты. Дарбазадан киргенде эле положенец баштаган 20-30 бала карап турушкан экен. “Ассалому алейкум байке! Кош келиңиз!” деп жайдары чыгышты. Жылуу кабыл алышып, түрмөнүн шарттары менен тааныштырышты. Жакшы шарттары бар бөлмөгө жайгаштырышып, дасторкондорун жайып, тамак үстүндө сүйлөшүп отурдук. “Сиз эл үчүн деп жүрүп түрмөгө түшүп калдыңыз. Биз жакшы билебиз. Ичкич-жегич болсоңуз, бул жерде эл арасында отурбайт элеңиз. Ордуңуз башка жакта болот эле” дешип күлдүрүштү.

Түрмө десе эле көпчүлүк эл ойлойт, “жалаң киши өлтүргүчтөр, кылмышкерлер отурушат” деп. Жок, андай эмес. Сөз бар го, “жакшы адамдар көп болгон үчүн дүйнө кармалып турат” деген. Анын сыңарындай, түрмөдө деле жакшы адамдар көпчүлүктү түзөт. Албетте, “баары жакшы” дештен алысмын. Кылмышын мойнуна алып, “ооба, мен кылмыш кылып келдим, камалганым туура эле болду” деп макул болгондор бар. Бирок алар жалпы түрмөнүн ашып кетсе 20-30 пайызын түзөт. Калганынын баары мага окшоп адилетсиз, кылмышы жок эле камалып жаткандар, же болбосо болор-болбос, майда-чүйдө иш менен отурган карапайым элдин балдары. Биз го элге таанымал болгон үчүн “адилетсиз камалды” деп ызы-чуу болуп, бүтүндөй эл билип атат. Карапайым байкуштардын артында сурап ала турган кишиси жок, кишиси болсо адвокатка төлөчү акчасы жок болуп, эч ким билбей эле көп киши камакта жатышат.

 Кылмышы жок болсо эмнеге камашмак эле? Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи. Сөзсүз бир нерселери болсо керек го

— Мен сизге түшүндүрүп берем. Постсоветтик өлкөлөрдүн ички иштер органдарында илгертен калган эски оору бар, “результат” деген. Мисалы, бир РИИБде 50 же кызматкер иштесе, анын отуз-кыркы жакшы результат берип, кылмышкерлерди кармап, жылдын аягында медаль алып же кызматынан көтөрүлүшөт эмеспи? Калган 15-20сы эч бир “результат” бере албады дейли. Аларды начальниги “силерди кызматтан айдайм”, же “эмгек акыңарды кесем. Башкалардан эмнеңер кем? Давай “результат” бергиле” деп кыйнайт. “Бербесеңер эртең арызыңарды жазгыла” дейт. Тиги байкуштар эмне кылышат? Көчөгө чыгып,  артынан сурап ала турган кишиси, адвокат жалдап алганга акчасы жок бир карапайым шордууну кармайт дагы, чөнтөгүнө анаша салат же столдун үстүнө пистолет, героин, анаша коюп, “бирөөнү тандап ал” дешет. Албетте, тиги макул болбойт. Уруп-сабаганда чыдабаган бала “жеңилирээк кылмыш” деп анашаны тандап алат. “Ии, бая эле ушинтпейсиңби?” деп мойнуна алдырат да камайт. Анысы аз келгенсип, “эми ушул анашаны “түрмөдө отурган баланчага алып бара жаткам” деп жазып бер” деп кыйнай башташат. Анткени түрмөдө отурган бирөөнүн мөөнөтү бүтүп, чыга турган болот. Аны чыгарбаш үчүн үстүнө дагы мөөнөт кошуп, дагы бир топ жылга түрмөдө калтырыштын аракетин көрүшөт экен. Анткени, түрмөдө жаткан адам мурда “оперативник” менен өч болушу мүмкүн. Ушундай фактылар менен отургандар бар. Соттор болсо “оперативниктерден”, тергөөчүлөрдөн көз каранды. Себеби, сотторду пара менен кармап алыш беш мүнөттүк иш да. Ошон үчүн адилет карабай туруп соттоп жиберишет. Мына ушинтип түрмөлөрдүн ичи эч бир кылмыш кылбаган же майда-чүйдө иштер үчүн камалган адамдарга толуп кеткен. 50-60 пайызды түзөт. Баардык түрмөлөрдө абал ушундай. Бүгүн деле түрмөдө отургандардын иш кагаздарын “ревизия” кылып чыкса, миңдеген адилетсиздиктер чыгат.

 Бул көйгөйдү кантип чечсек болот? Ички иштер органдары “результат дегенди жоюш салыш керек болчу да? 

— Албетте, жоюш керек. Бул эски, илгерки иштөө ыкмасы. Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө мындай балээ жок. Факт менен иштешет. Бизде болсо жок жерден күнөөсүз бир байкушту күнөөлүү кылып коюш адаттагы эле көрүнүш болуп калган. Ошон үчүн өнүгө албай жатпайбызбы. Элестетсеңиз, күнөөсүз эле бирөөнүн артынан түшүп, бири-бирибизге жамандык издеп, аны каматып атсак, анан кантип  оңолобуз?

— Мыйзамсыз соттолуп кеткендер боюнча айрым фактыларды келтире кетпейсизби?

— Бул жакта дагы бир укмуштуу окуяга күбө болдум. Бирөөнүн ордуна башка бирөө отурат. Тергөөчү, прокурор, соту баш болуп, “сен Сулайманов Тариэлсиң” деп эле соттоп жиберишкен экен. Ал Сулайманов Тариэл эмес, Абышов Тагайбек деген бала. Жашаган жери, үй-жайы, өзүнүн Абышов Тагайбек деген паспорту бар. Бирок, Сулайманов Тариэлдин ордуна отурат. Сулайманов Тариэл деген бала ким экени белгисиз. Ал эми Абышов Тагайбек жакында чыгат. “Тергөөчү, сот, прокурорлорду баш кылып, өздөрүн соттотом” деп тиш кайрап жүрөт. Бирок, адвокат жалдайын десе бир тыйын акчасы жок. Жакшы адвокат жалдасаң беш жүз доллардан миң долларга чейин сурашат. Бул жакта 500 доллар эмес, 500 сомго зар болуп отурушат. Түрмөдө отурушса кайдагы акча? Түрмөдө эмес боштондукта жүргөндөр мынча акча таба алышпайт.

Дагы бир кызыктуу окуя. Соттолуучу Өскөнбаев Болотбек Мыталипович деген баланы мурда “усиленный режим” менен 12 жылга соттошот. Ал мөөнөтүн Петровкада өтөп, боштондукка чыгат. Жети айдан кийин кайра кармап келип, “сен “усиленный режим” менен эмес, “строгий режим” менен отурушуң керек болчу” дешип, кайра алып келип 12 жылга “строгий режимге” камап коюшту. Бул эмне деген акмакчылык?! Мыйзам боюнча бир эле кылмыш үчүн эки жолу соттогонго эч кимдин акысы жок да!

Мындан сырткары соттор менен прокурорлор түрмөлөрдү кыдырышып, сот процесстерин өткөрүшөт. “УДОго” (условно досрочное освобождение) же “Колонкага” (колония поселения) убактысы келген соттолуучулардын иштерин карашат. Сотко 20 киши кирсе, бироо же экөө өтөт, калганынын баарын кулатышат. “Үч айдан кийин кайра карайбыз” деп коюшат. Ошентип миңдеген соттолуучулар “УДО”, “Колонкасы” келсе деле жылдап чыга албай отурушат. Мамлекет миллиарддаган акча коротуп аларды багып жатат. Андан көрө мыйзамдуу негизде убактысы келген соттолуучуларды “УДО”, “Колонкага” чыгарып жиберсе, алар чыгып, үй-бүлө, бала-чакасын, өз жандарын өзү багышат эле да. Мамлекеттин акчасы да үнөмдөлмөк. Дагы терең ойлондура турган бир маселе: бирөөнү үч миң сомдук телефон уурдаганы үчүн сегиз жарым жылга кескен. Телефонун ээсине кайтарып берген. Эми сегиз жарым жыл түрмөдө отурат. Аны мамлекет миллиондогон каражат коротуп багып жатат. Андан көрө мындай майда-чүйдө кылмыштар үчүн мамлекетке штраф төлөтүп, коё бере турган методдорду колдонуш керек. Ошондо мамлекетке пайда болот.

 Бул көйгөйдү кантип түздөсөк болот? Сиз бул жагдайга ичинен аралашып, көрүп-билип турган адам катары оюңузкандай?

— Мыйзамдарды оңдош керек. Анан ошол мыйзамдардын аткарылышын Жогорку Кеңеш өз милдети катары катуу көзөмөлгө алып, аткартып турушу зарыл. “УДО” менен “Колонканы” жаза аткаруу кызматына берүү шарт. Эгер соттолуучу бир дагы жолу тартип бузбаса, убагы келгенде дароо “УДОго” же “Колонкага” чыгарыш керек. Бул системаны качан гана башкаруу системабызды түп-тамырынан бери өзгөрткөндө жете алабыз. 2010-жылы шашылыш түрдө кабыл алынган Башмыйзамдын негизинде түзүлүп калган бүгүнкү башкаруу система  туура эмес болуп калган. Муну 2011-жылдан бери эле айтып келе жатабыз. “Башмыйзамды өзгөртөлү, алакандай Кыргызстанды президент эле башкарсын. Толук жоопкерчиликти өз мойнуна алсын. Сегизден ашпаган эле министр болсун. Дүйнөнүн эң алдыңкы мамлекети болгон Щвейцарияда деле 8 министр бар. Депутаттардын саны 55 эле болсун. Бир мандаттуу округдардан шайланып келсин. Ошондо күчтүү парламент болот. Парламент менен президентти Элдик курултай көзөмөлдөп турсун, президент менен парламент керек болсо сот, прокурору да ар жылы Элдик курултайдын алдында отчёт берип турсун” десек, Өмүрбек Чиркешович “Башмыйзамга тийбегиле, мен Башмыйзамдын атасымын. 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деген норма бар” дечү эле. Мына, 2016-жылы эмне кылышты? Мурункудан да жаман система түзүлүп калды. “Көп суур ийин казбайт болуп”, мамлекетибизде кырсык болсо, же ТЭЦтегидей чоң уурулуктар болсо, бийлик башындагылар бири-бирине шылтап кутулган системада жашап калдык. Эч ким эч нерсеге жооп бербейт.

Парламенттик башкаруу деген кыргыздын менталитетине туура келбеген система экен. Муну мен парламенттин казанында бир эмес эки жолу кайнаган депутат катары ишенимдүү айта алам. Мисалы, 5 партия өтүп келди дейли. Үчөө биригип алып коалиция түзүшөт. Эки партия оппозицияда калат. Коалиция түзгөн үч партия Кыргызстанды айыл өкмөттөргө чейин үчкө бөлүп алышат. Анан ой-да өз билгендериндей калчашат. Мамлекеттик кызматтарга “биздин партияга чуркаган” деп трактористти деле алып келип, министр кылып атышат, шопурду деле алып келип министр кылып атышат, айтор, мамлекеттик кызматтар ботко болуп кетти. Мына ошол боткодо сот менен прокурорлор да бар. Азыр уктап тура калып эле сот, прокурор болуп алгандар көп. Ошон үчүн ар бир тармакка өз адистигин бүткөн кадрларды коюп, системаны тазалашыбыз керек. Мына ошондо гана тамырлаган коррупцияны жок кыла алабыз.

 Башкаруу системаны кандай кылып түзгөнүбүздөэффективдуу болот деп ойлойсуз? Кыска, конкреттүү айтып берсеңиз? 

— Азыр биз эгер президентти кошсок, беш баскычтуу башкаруу система менен жашап жатабыз. Президент деле өкмөттүн ишине кыйыр түрдө же түздөн-түз деле кийлигишип жатпайбы (1. Президент, 2. Премьер-министр, 3. Губернатор, 4. Аким, 5. Айыл өкмөтү). Бул бүгүнкү бири-биринин иштерин кайталаган беш баскычтуу система. Бир эле ишти бешөө аткарып, бешөө тең айлык алышат жана башка чыгымдарды кылышат. Ошентип бюджеттен миллиарддаган каражаттар жөн эле ашыкча чыгым болуп кетип жатат. Ушуга жараша мамлекетибиз өнүгүп кетсе бир жөн. Эң арткы мамлекеттердин катарында калып калдык.

Биз эч коркпостон, кылчактап артты карабастан, жаңы башкаруу системаны түзүшүбүз керек. Албетте, жаңы система түзүлгөндө башында кыйынчылыктар болбой койбойт. Ошон үчүн 2-3 жыл күн-түн дебей иштеш керек. Системаны өзгөрткүсү келбеген башчылар биринчиден, жалкоолук кылышууда, экинчиден, жыл сайын элдин алдында отчёт бергенден коркушат. Үчүнчүдөн,  жоопкерчиликтен качып жатышат. Ошентип 28 жылдан бери атын өзгөртүп коюп эле илгерки система менен жашап келе жатабыз.

Жаңы башкаруу система кандай болуш керек? 1. Президент, 2. Губернатор (же акимдер), 3. Айыл өкмөтү.

Мына ушундай үч эле баскычтуу башкаруу система болушу шарт. Депутаттардын саны 55тен ашпаш керек. Ар бир райондон бирден депутат болсо жетет. Элдик курултай түзүлүп, Кыргызстандын булуң-бурчунан, ар бир айылдан бирден-экиден эл чогулуп, жыл сайын президент менен парламенттен отчёт алып туруш керек. Эгер иштей алышпаса мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирип, жаңы президент, жаңы парламент шайлашы зарыл. Эмне үчүн иштей албаган президент менен парламентти эл, мамлекет “мөөнөтү бүтсүн” деп күтүш керек? Убакыт өтүп жатпайбы!

Мына ушул система менен кетсек, дүркүрөп өнүгөбүз. Президент да жыл сайын отчёт берип турса жоопкерчиликтүү иштеп баштайт. Ал эми ар кайсы өлкөлөрдү туурап, алардын Башмыйзамын көчүрүп алып отура берсек, өмүрү оңолбойбуз.

Кимдир бирөөлөр айтышы мүмкүн, “президенттик башкаруу болсо, дагы узурпация болот” деп. Андай болбойт. “Бир эле адам үчүнчү жолу президент болуп шайлана албайт” деген норма киргизилет. Бир адам эки мөөнөт президент болсо жетет. Бул бир. Экинчиси, курултай системасын киргизсек жыл сайын эл чогулуп, президентти да, парламентти да капталга сайгылап, отчёт алып турушат. Иштей албайбы, мөөнөтү канча калганына карабай таратып жиберсе болот. Эч ким курултайды сатып да, коркутуп да ала албайт. Жүз кишини коркутушу мүмкүн, эки жүз кишини коркутушу мүмкүн, ал эми эки миң кишини коркута албайт. Курултайга ар бир айылды камтып, эки минге жакын делегат чогулат. Баарын майдалап айтып отурсам гезит барагыңар жетпейт. Кыскача айтсам ушундай. Анан дагы бизде мемлекеттик идеология жок. Ошол себептен көпчүлүк эл кайдыгер болуп кетти. Ар кайсы динге кирип алышып, туура эмес жолдор менен кете башташты. Мунун арты жакшылыкка алып барбайт.

 Кандай идеология болсо дейсиз? Канткенде элди туура жолго салсак болот?

— Элди туура жолго салыш үчүн мектептен башташыбыз керек.

 Кантип? Мектептер жакшы эле окутуп жатышпайбы. Нечендеген улан-кыздарыбыз дүйнөлүк олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлеген учурлар аз эмес го?

— Туура. Окутканын жакшы эле окутуп жатышат. Бирок тартип, адеп-ахлак, дин таануу жагынан аксап жатабыз. Мисалы, Европада жана башка өнүккөн өлкөлөрдө мектептерде 4-класстан баштап дин таануу сабагын окутушат. Христиандар өз дининен, католиктер өз дининен толук кандууу түшүнүк беришет. 11-классты бүтүп чыгып кеткен бала коомдун тартиптүү мүчөсү болуп чыга келет. Ошон үчүн ал өлкөлөрдө кылмыштар аз. Айрым өлкөлөрдө жокко эсе. Мисалы, Голландияда түрмөлөр жабылып жатат.

Биз дагы эч тартынбастан дин таануу сабагын киргизишибиз зарыл. Ислам университетинен толук жогорку билим алып чыккан мугалимдер сабак бериш керек. Муну мамлекет, билим берүү министрлиги көзөмөлгө алып, биз тутунган ханафий мазхабы жөнүндө балдарга толук түшүнүк беришибиз шарт. Дин таануу десе эле айрымдар исламды жамынган радикалдарды элестетишет. Андай эмес. Баардык диндерден түшүнүк бериш керек. Адеп-ахлак, коом таануу, тартип, ата-энени, мугалимди сыйлоо, улуттук баалуулуктарыбызга кандай мамиле жасашты жана башка тарбия сабактарынын баарын ушул сабактан окутушат. “Кудай бирөө, пайгамбарыбыз Мухаммед Алейхис Салам, кыргыздар да бир эле элбиз, баарыбыз бир эле динди тутуналы” деп. Ошентип бүгүн ушул системаны ишке киргизсек, 10 жылдан кийин коомубуз тазара баштайт. Мектепти бүтүп чыккан балдар-кыздарыбыз ата-эне, бир тууган, динден адашкан жолдош-жоролорун тарбиялап коюшат. Ошондо элдин баары динден толук түшүнүгү болуп, бир эле динди карманышат. Муну министрдин бир орун басары болуп аалымдардын бирөө көзөмөлгө алса жакшы болот.

Азыр бизде кандай болууда? Динден эч бир түшүнүгү жок, мектепти бүтүп чыккан же таптакыр окубай калган (азыр 28 жылдан бери 100 миңден ашуун жарандарыбыздын кат сабаты жок) балдар-кыздарыбызды террорист, экстремист же башка диндегилер “бир каапырды өлтүрсөң бейишке чыгасың” десе, аларга ишенип Сирияга, башка диндерге, секталарга кирип кетип жатышат. Анткени, динден түшүнүгү жок жүрөгү таза жаштар тез алданып калышат. Мындан сырткары, мамлекеттик саясат туура эмес болуп жатат. Башка динге же секталарга кирип кеткендерди күнөөсүз эле “террорист, экстремист экенсиң” деп камашууда. Түрмөлөрдө эки миңден ашуун күнөөсүз адам камакта жатат. Ушулардын ашып кетсе ону террорист, ону экстремист болушу мүмкүн. Бул дагы күмөн жаратат. Калганы карапайым эле шордуулар. Муну мен толук ишенимдүү айта алам. Мисал келтирейин: менин чоң атамдан барып кошулган бир жээним, бир кудам, анан айылдаш иним 27-колонияда камакта жатышат. Экөө баягы эле история, “Каптагаевди барымтага алгансыңар” деген айып. Айылдаш иним болсо “Атамбаев түштүктөгү өзбектерге болушуп жатат. Ошон үчүн өзбектер көөп кетти” деп соцтүйүнгө комментарий жазып койгон экен. Ошону “сен улуттар аралык касташууну козуттуң” деп алып келип террористтер менен камап коюшкан. Мындай фактылар өтө эле көп. “Хизб-ут тахрирлерге” байланыштырып камап салган адамдар эки миңден ашат.

Айтайын дегеним, мамлекет өзүнө өзү душман көбөйтүп жатпайбы! Таптаза адамдарды террористер менен бир камерага камап койсо, эки-үч жылдан кийин ал адамдан дапдаяр террорист болуп чыга келет эмеспи. Ошентип мамлекет террористердин армиясын түзүп, өзүнө өзү каршы саясат жүргүзүп жатпайбы. Бул көйгөйдү тез аранын ичинде, бүгүн чечиш керек. Эртең кеч болуп калат.

(Уландысы бар)

 Суроо салган Асланбек САРТБАЕВ

P.S. Маекти алууга жардам берген адвокат Шарабидин Токтосуновго ыраазычылык билдиребиз

Булак: Азия Ньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу