САДЫР ЖАПАРОВ СОТТО АКЫРКЫ СӨЗҮН АЙТТЫ

Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаровдун соту болду. Анын жүрүшүндө айыпталуучу акыркы сөзүн айтты.

“Менин Каптагаев менен саясий көз карашым гана дал келбейт, башка аласам да бересем да жок. Эгерде митингди мен уюштурган болсом ошондо эле УКМК, прокуратура, чек арачылар мени өлкөдөн чыгарбай коюшат болчу.

Эске салсак,  Садыр Жапаров  25-мартта “барымтага алуу”, “ээнбаштык”, “бийликтин өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү” жана “адамды өлтүрөм деп коркутуу” беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

2013-жылдын 7-октябрында Караколдо “Кумтөр” боюнча меморандумга каршы акция уюштурулган. Анда митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка унаада барымтада кармап, андан соң облустук администрацияны курчоого аракеттенишкен.

УКМК Каптагаевди кармап турушкан унаа Садыр Жапаровдун тууганы Б.Куланбаевге тиешелүү экенин жана күбөлөрдүн берген маалыматына ылайык, митингди Садыр Жапаров уюштурганын жана каржылаганын билдирген.

Жапаров акыркы 3 жылда Кипрде жашап жаткан. Ал 25-мартта Казакстандан Кыргызстанга келип, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу