Садыр Жапаров: “Биздин ишибизди Кудай өзү түздөдү”

2017-жылы 29-январда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында камакка алынган Садыр Жапаровдон “Кумтөр” тууралуу NazarNews.kg cайтына маек алганбыз. “Кара сандыкка” катылган маекти окурмандарга кайрадан сунуштайбыз.

—Садыр Нуркожоевич, сиз кайсы мыйзамдардын негизинде Центерра Кыргызстанга үч жарым миллиард доллар төлөсүн деп, эл аралык сотко бердиңиз?

—Биздин баш мыйзамыбыздын 41-беренесинин 2-пунктунда ар бир жаран эгерде анын укугу бузулса же кандайдыр бир күчтөр жарандарыбызды зыянга учуратса, эл аралык уюмдарга, эл аралык сотторго кайрылууга укугу бар деп жазылып турат. Бул бир. Экинчиден, адам укуктары боюнча эл аралык нормалар бар. Бириккен улуттар уюмуна мүчө мамлекеттердин баары кол коюшкан. Анын ичинде Кыргызстан да барбыз. Ошол келишимдердин баарында так жана даана жазылган. Кайсы мамлекеттин жараны болбосун эгер анын укугу бузулса же кандайдыр бир адилетсиз зыянга учураса анда ал эл аралык сотторго кайрылууга укуктуу. Бул жерде биздин баардык элибиздин укугу бузулуп, ден-соолуктарына зыян келип жатат. Центерра менен биздин бийлик биригип алып, Кумтөрдү иштетүүдө эл аралык стандарттарды так сактабай, элибиз Цианид аралашкан сууну ичип, Нарын менен Ысык-Көлдө оорулуу балдарыбыз төрөлүп жатат. Мисалы: Жети-Өгүз районунда жаңы төрөлүп жаткан балдардын 50 пайызы оорукчан болуп төрөлүп жатканын былтыр массалык маалымат каражаттары жергиликтүү элдин, адистердин, догдурлардын, анализдерине таянып, далилдер менен жарыя кылышты. Нарында дагы ошол эле көрүнүш. Мындан сырткары жалпы элибиздин байлыгын талап-тоноп кетип жатышат. Жаратылышыбызды талкалашты. Экономикалык да, экологиялык да эбегейсиз зор зыян алып келишти. Мына ушул себептерден улам, биздин бийлик эч коңул бурбаган соң, эл аралык сотко кайрылуу боюча иш алып барып, баарын тактап көрүп, утуп алаарыбызга көзүбүз жетип, эл аралык соттордо катышып жүргөн компания менен келишим түздүк. Азырынча арызды тапшыра элекпиз. Биздин элден кол топтоп баштадык. Көпчүлүк эл колдойбу же жокпу аны да көрүшүбүз керек. Так билишибиз керек, эл колдойбу же жөн эле куру убара болуп чуркап жүрөбүзбү? Качан гана жетиштүү кол топтолгондо, эртеси барып тапшырып коёбуз.

—Менин билишиме караганда биринчи биздин жергиликтүү соттордон өтүп, анан болбой калса эл аралык сотторго кайрылыш керек эле. Сиз кандайча түздөн-түз эле эл аралык сотторго кайрылдыңыз?

Эң туура суроо бердиңиз. Бул жерден биздин ишибизди Кудай өзү түздөдү. Центерра менен акыркы келишим түзүлгөндө экологиялык талаш-тартыштар болсо, Кыргызстандын сотторуна кайрыласыңар. Ал эми экономикалык же юридикалык жактан талаш-тартыштар болсо, анда түздөн-түз эл аралык сотто соттошобуз деп жазып коюшкан экен. Ошол себептен түздөн-түз эл аралык сотко кайрылууга бизге жол ачылды. Биринчи юридикалык компания менен биргеликте баарын абдан тактадык, изилдеп чыктык, жеңип чыгаарыбызга көзүбүз жеткенде мына эми иш баштап жатабыз. Калган иш сиздердин, элдин колдоонуздарда калат.

—Эмнеге буга чейин биздин өкмөт эл арлаык сотко берген эмес? Өкмөттө баардык мүмкүнчүлүктөрү бар эле да?

—Мурда Кумтөрдүн мындай былыктарын эч кимибиз билген эмеспиз. Текшерип көргөн эмеспиз. Өзүңүздөр жакшы билесиздер мурда текшерүүгө киргизишчү эмес эле го. Беш жыл мурда баарын текшерип көрүп, болгон чындыктын баарын ачып чыктык. Беш жылдан бери баары ачык көрүнүп турса да, тигилерди жактап келе жатышкан биздин атка минерлерди өзүңөр көрүп эле келе жатпайсыңарбы. Эл аралык сотко бермек түгүл тигилерди төшүн тосуп коргоп келе жатышпайбы. Анткени, көпчүлүк атка минерлерибиздин алар менен экономикалык кызыкчылыктары, бизнестери бир. Беш жылдан бери Кумтөрдү алабыз, 50/50 пайызга сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз, макул болушпаса эртең бүрсүгүнү эле алып коёбуз дешип, калп эле элдин башын айлантып алаксытып келе жатышпайбы. Беш жылдан бери эмне деген алтындарды чыгарып кетишти. Элибиз ачка олтурат. Жарымы дуйно кезип кетти. Биздин бийлик алар менен бир болуп жатса, анан кантип өздөрүнүн компаньондорун сотко беришмек эле. Эгер кокус эле, бийликтегилердин ниеттери оңолуп, макул, биз берели десе, сотко берүү келишимди дароо эле өкмөткө өткөрүп беребиз. Кудай жалгасын.

—Эл аралык соттон үч жарым миллиард долларды утуп алдыңыздар дейли, бул акча кайда келип тушот? Республикалык казнагабы же «Үмүт булагы» коомдук фондунун эсебине келип түшөбү?

—Кудай буюруп утуп ала турган болсок, биздин бийлик башындагылар ишенимдүү болсо, анда республикалык казнага түшүрсөк болот эле. Бирок биздин бийлик башындагылар ишенимдүү болбой жатпайбы. Бүгүн баарын көрүп жатпайбызбы. Чет мамлекеттерден миллиарддарды карыздап алып, жол салып жатабыз деген шылтоо менен жарымын жеп коюп жатышат. Мисалы 1 км жолго 10 млн доллар кете турган болсо, булар 20 млн кетти кылып жеп коюп жатышат. Бул акчаны дагы тез эле жеп коюшат. Ошол себептен утуп алсак фонддун эсебине түшүрүп, жети облустан козомолго алып туруучу аксакалдар кенешин шайлап, жалаң гана улуттук долбоорлоду каржылайбыз. Баары ачык, жалпы элге түшүнүктүү болот. Эгер күздө бийлик башына ишенимдүү адамдар келип калса, анда түздөн-түз эле республикалык казнага түшүрүп, улуттук чоң долбоорлорду каржылоого жумшасак болот.

—Эл арасында берилип жүргөн дагы бир суроо. Ушунун баарын эмнеге мурда көтөргөн эмессиз? Мурда деле депутат болгонсуз да?

—Мен 2005-жылы депутат болуп келдим. Ал кезде саясатта тажрыйбам аз болсо да, келээрим менен ушул маселени көтөргөм. Жогорку Кенештин архивин көтөрсөңүздөр табасыздар. Турат, жоголгон жок. Комиссия түзүлүп, Кубанычбек Исабеков башчылык кылып, 2010-жылга чейин текшерди. Мен ал комиссияга кирген жок элем. Ал убакта ар бир облустан бирден депутат киришкен. 2007-жылы бизди таратып жиберген. Ошол бойдон менде маалымат жок болчу. Кудайдын буйругу менен 2010-жылы кайра депутат болуп келип калдым да, комиссия тузуп, өзүм башында туруп, баардык былыктарын ачып, жалпы элге жарыяладым. Жыйынтыгын көрүп жатасыздар. Ушул суроону бергендерге тан калам. Мурда кайда жүрдүң эле дегендин ордуна мейли ким болбосун, качан болбосун мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн маселе көтөрүп чыккандарга өкмөт рахмат айтып, жардам берип турса, эбак эле оңолуп кетмекпиз. Тилеке каршы баарыбыз ушак айың менен эле жашап жаткандайбыз. Мындай суроону ким берет, ким ушак таратат? Дал ошол ичкич жегичтер таратат. Мындан жети сегиз жыл мурда Каркыраны Садыр Жапаров саткан деп, менин тырмакчадагы досторум ушак таратып койсо, бүткүл Көлдүк туугандарым ишенип алышыптыр. Тетирисинче Каркыра кетип калбасын деп, сексенге чыккан атам, 10-15 айыл аксакалдары, 47 депутат болуп үч күн бою Каркырада чек араны өлчөп, 625 гектар жерибиз өтүп кетип жатыптыр, картаны кайра карап чыккыла деп 2007-жылдын аягына чейин сессияга койдурбай келгем. 2007-жылы күздө бизди таратып жиберип, 2008-жылы жазда ратификациядан өткөрүп жиберишти. Мен ал кезде эч ким эмес элем. Эгерде жалганчылар айткандай Ак жолдо депутат болуп олтурган болсом, өлсөм да Каркыраны ратификациядан өткөрбөй коёт элем. Кучум да, акылым да жетет эле. Ошондуктан ким болбосун суроо берээрде анализдеп, тарыхты тактап, ойлонуп туруп бериш керек.

—Эл арасында күдүк ой жараткан дагы бир суроо. Кумтөргө доляга кирбей калып, чыр чыгарып жүрөөт деген сөздөргө кандай жооп бересиз?

—Кимде-ким ушул сөздү таратып жүргөн болсо, эки дүйнөдө жакшылык көрбөйт. Кудай көрүп, билип турат. Менин артымдан 100 млн долларын көтөрүп алышып, эки ай бою чуркап жүрүшкөн. Алардын арасында бийликте олтургандар да болгон. Муну көпчүлүк депутаттар билишет. Айрымдары азыр да парламентте олтурушат. Былыгыбызды ача көрбө, мына ушуну алып кой дешип. Цианид жутуп олтурган элдин убалынан коркком. Бул эле ушак эмес, 2012-жылы парламентте карап жатканда, менин жердеш депутаттарым башка ушак таратышкан. Садыр Жапаров кытайларга 7 млн доллар карыз болуп калып, Кумтөрдү алып берип жатыптыр, ошол үчүн өкмөткө өтсүн дегенге каршы добуш берген жатабыз дешип. Себеби, Нарын, Жети-Өгүз, Балыкчы шаарларынын жергиликтүү депутаттары келишип, Жогорку Кенештин депутаттарын макул деп добуш бергиле деп кысымга алып олтурушкан. Жогорку Кенештин депутаттары баары дегенден алысмын копчулугу сатылып кетишип, анан өздөрүн акташ үчүн, ушундай ушак таратышкан. Нарын, Ысык-Көлдөн келгендер чын экен деп алданып калышкан. Мунун баары кийин кеч болуп калганда ачыка чыкты.

—Акыркы суроом. Сиздин бир тууган агаңыз Сабыр Жапаров Шахта Жыргалаңды иштете албай банкрот кылды дешет. Ошол чынбы?

—Бийлик өзү банкрот кылды. Шахта Жыргалаңды 2007-жылы өкмөт иштете албай калып, (жылына республикалык казнадан 30 млн сом жумшашып, 10 млн сомдун көмүрүн казышчу эмес экен) аукционго коюп саткан эле. Ошол жылы казактар, жана башка бир топ кыргыз фирмалары катышып, менин агам утуп алган. Өкмөт 25 млн сом карызы бар деп алдап сатып жиберген экен. Бухгалтериясын тапшырып алганда, 65 млн сом карызы чыккан. Эптеп-септеп, бар байлыгын сатып, 2009-жылга чейин карызын толук жаап, өкмөт иштете албай калган шахтаны, инвестор таап келип, дүркүрөтүп иштетип башташкан. Жумушчулардын эмгек акыларын 1500 сомдон 30 000 сомго чейин көтөргөн. 2012-жылы мен Кумтөрдүн былыгын ачып баштаганда, бийликтегилер агама келишкен. Иниңдин оозун жап, болбосо шахтаңды иштетпейбиз дешет. Агам мага келди. Жагдайды түшүндүрдү. Ошондо айттым. Кумтөр маселеси шахтага алмаштыра турган маселе эмес. Бул маселе 5 млн элдин, килейген кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы. Жылына 1 млрд доллардын алтынын чыгарып кетип жатышыптыр. Экологиябызды талкалап салышыптыр. Миң жылдык мөңгүлөрүбүз жок. Жалпы элдин кызыкчылыгын, жалгыз сиздин кызыкчылыка алмаштырбайлы, ошондуктан, сиздер таза иштеңиздер, салыкты өз убагынан калтырбай төлөп туруңуздар, эң негизгиси мыйзамдарды так сактап турсаңар, силерге эч ким тие албайт дедим. Тилекке каршы андай болбоду. Токсон жолу текшерүү барды. Шахтанын 7 миң тонна көмүрүн өкмөт ТЭЦтерге ташып кетип, бир тыйын акчасын бербей, жатып алышты. Ал убакта мени СИЗО го камап коюшкан эле. Акчабызды бергиле деп барышса, Кыргызжилкомсоюз ачык эле айтыптыр, ак үйдөн бербегиле деген буйрук келген, бере албайбыз деп. Эмнеге дешсе, Жапаровдордун колуна акча тийсе, революция жасап жиберет экенбиз.

Инвесторлорду СНБ ж.б. күч органдары барып коркутушуп, ачык эле, кеткиле, мына Садыр Жапаровду камадык, агасына иш козголду, эми аны камайбыз, андан кийин кезек силерге келет деп, коркутуп, кубалап тынышты. Мына бүгүн эми соц фондко шахта 500 миң сом карыз болуп калды дешип, банкрот кылып, өкмөт кайра алып койду. Убагында өкмөт шахтадан ташып кеткен көмүр үчүн 5 млн сомго чейин карыз болуп жүрүшкөн. Ал үчүн эч кимиси жооп беришкен жок. Бийликтин бул кылыгы туура эмес. Мени оппозиция деп, Ысык-Көлдүн жалгыз көмүр шахтасын жаап, талкалап жок кылышты. Булардын бул кылыгы мамлекеттик денгээлдеги көз караш эмес. Жеке кызыкчылык болуп калды. Мамлекеттик денгээлде ой жүгүрткөн бирөө болбоду. Ушундай себептерден улам, биздин өлкөбүз өнүкпөй жатат. Ал эми телевидениеден, гезиттерден элге жаман көрсөтүш үчүн, Жыргалаң айылынын анча-мынча шахтага нааразы болгон адамдарын сүйлөтүп, Жапаровдун агасы бир шахтаны иштете албай жатып, Кумтөргө асылып эмне кылат деп жатышат. Бизде телевидениебиз, гезитибиз жок, элге так маалыматтарды жеткире албай жатабыз. «Чындык эшике чыкканча, калп дүйнөнү кыдырып келет» демекчи буюрса убакыт келет, чындыкты элге жеткиребиз. “Так что” бийликтин телевидениесине, гезиттерине ишене бербегиле.

—Рахмат…

Эске сала кетсек, хвостохранилищенин жалпы аянты 360 гектар жерди ээлейт. Тереңдиги 35-40 метр. Цианиддин жана башка уулуу заттардын жалпы көлөмү 2 миллиард тоннага жетти. Кумтөр уулуу заттарга чулганып жатканын жана катастрофа болоорун мурдагы депутат Садыр Жапаров  2012-жылы 20-июнь айында ЖК трибунасынан зар какшап  айткан. Ошондо Депутат Эркингүл Иманкожоева кандалыктарга болушуп «баары зыңкыйып эле турат» деп, Жапаровдун бетин аз жерден тытып ала жаздаган эле.

Төмөнкү тасмада Садыр Жапаровдун 2017-жыл январь айындагы Кайрылуусу.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу