САДЫР ЖАПАРОВ: “АТАМБАЕВ КЫЗМАТТАН АЖЫРАП КАЛБАЙЫН ДЕП, ТАШИЕВДИН ИШ БӨЛМӨСҮНӨ ЖЕТИП КЕЛГЕН”

2015-жылы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун «Саясатка аралашкан 10 жыл» аттуу китеби жарык көрүп, бир топ саясатчылардын түн уйкусун бузуп, бир топ талкууга түшкөнү эсибизде. Бүгүн KAGANAT.KG сайты ал китепте автор учурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу эмнелерди жазганын жарыяламакчы.

“Кыргызстандын 2005-жылдан берки саясатындагы өзүм күбө болуп катышкан, ар бир саясий чындыкты, саясий окуяларды бурмалабастан так жана даана чагылдырып, саясий каармандын өз атын атап, ар бир окуянын жүрүшүн кеңири баяндаганга аракет кылдым”,-деген Жапаров.

2005-жыл 21-февраль күнү эртең менен мен олтурган штабга, демократ Топчубек Тургуналиев агабыз келип, – Мени Бакиев менен Атамбаев жиберди. Бекем турсун дешти. Жакында жалпы республика боюнча нааразычылык акциялар башталат. Акаевди сүрүп түшөбүз,-деп дүпүлдөп сүйлөп, менин колумду кысып, кетип калды.

– Күндөрдүн биринде А.Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Рахат Ирсалиев үчөөбүздү «Автомаш » заводунда жайгашкан эс алуучу жерге чайга чакырып калды. Жогорку Кеңештен бошобой жатып, бир аз кечигип, барып калдык. Дароо эле үчөөбүздү оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, өзүнчө эле урушуп кирди. Биз таң калып, андайга чыдабаган жаным, ызырынып калсам, Өмүрбек Бабанов күлүп, мени токтотуп койду. Көрсө, ичинде 100 грамм бар экен.

-Бир күнү Ө.Бабанов экөөбүз А.Атамбаевдин кымыз ичип, эс алып жаткан жерине бардык. Акаев деген ат, Бакиев деген эле атка алмашып калды. Буларды жакында кайрадан жок кылабыз, бир аз чыдагыла. Сен көтөрүп жаткан «Кумтөр» маселеси ошондон кийин чечилет, – деди.

– 2006- жылдын күз айлары. Ө.Текебаев, А.Атамбаевдер башында турган оппозиция мүчөлөрү, «конституциялык реформа жаса» деп К. Бакиевге каршы «Ала- Тоо» аянтына элди топтоп, 8 күн бою митинг өткөрүштү.  А.Атамбаев оппозицияны сатып, премьер-министр боло турганы тууралуу толук маалымат бар эле. Анын планы боюнча, «Кулов элге чыгып кошулуп кетсе, Бакиевди алып түшөбүз. Эгер элге кошулбай койсо, премьер-министрликти алып кете берейин» деген планы болгон.

– Атамбаев премьер-министр болуп сегиз ай иштеп, бирок колунан жыргаган иш келбеди. Акыры Бакиев «Данакер» орденин берип, алдап- соолап кутулду. Ошол орденди алып жатканда көзүн жашылдантып, «Курманбек Салиевич, Сиз асыл адам экенсиз, мен сизди билбей жүрүптүрмүн. Далай нервиңизге тийиптирмин. Бардык кылганым үчүн кечирим сурайм» деп айтып жатпайбы.

«Кыргызалтын» ишканасын О.Артыкбаев жетектеп турган мезгилинде Атамбаев премьер-министр болуп турган. Экөө ар кандай жолдор менен 2011-жылдын 21-май күнү 30 миллион сомду чыгарып кетишкен. 2011-жылы 1-декабрь күнү Президенттин ант берүү күнү болгон. «Кумтөрдүн» чет мамлекетте олтурган эң үлкөн башчысы Стивен Ленг эртең менен учуп келип, резиденцияга барып, катуу куттуктап, кайра кечинде учуп кеткен

Ош окуясы башталып кетээри менен Алмазбек Атамбаев ошол мезгилдеги Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановду кабинетине чакырып, – Ушундай учурдан пайдаланып, Азимбек Бекназаровду аттырып салбайлыбы? Бакиевдерге шылтоолоп коёбуз. Эл ишенип кала берет, – дейт. Бектур Асанов болсо, макул болбой коёт. “Эл кырылып, энелер кан жутуп, жаштар өлүп жатса, саясаттагы оппонентинен кутула коюштун амалын издеген, кандай адам өзү” деп, жакабызды кармадык.

-Атамбаев эмне кыларын билбей, Бишкектен чыккандан коркуп, үйүндө жаткан эле (Ош окуясы учурунда – ред.). Кийин баары тынчып, стабилдешкенден кийин, июнь айынын аягында гана үн ката баштаган.

Соттук реформа боюнча комитеттин башчылыгына шайландым. Сот системасына тиешелүү беш мыйзамды жаңы Баш мыйзамга ылайык келтирип, төрт ай ичинде иштеп чыктык. Ал мыйзамдар боюнча соттор Ак үй же көк үйгө баш ийбестен, мыйзамдын кулу болуп иштөөчү мыйзамдар эле. Жазылып жана кабыл алынып жатканда Р.Отунбаева, А.Атамбаев, Э.Каптагаевдер көп деле түшүнүшкөн эмес. Ал мыйзамдарга Р.Отунбаева кол коюп, күчүнө кирип иштей баштаган.

Кийин практика жүзүндө реформа башталганда, толук түшүнүп калышып, сотторду колубуздан чыгарып жиберет экенбиз дешип, болор-болбос шылтоо менен “Садыр Жапаров сотторду тандоо кеңешинин башына Замирбек Базарбеков аттуу тууганын (ал өзү Токтогулдан, мен Көлдөнмүн) коюп алыптыр” дешип, мага каршы аялдарды топтоп кыйкыртып, “комитеттин башчылыгынан кетсин” деп добушка койдуртушту. Мындан сырткары, “Садыр Жапаров менен Феликс Кулов экөө соттордон эки миллион доллар топтоп алышыптыр” деген да жалган ушак таркатышты.

Камчы Ташиев экөөбүз иш бөлмөсүндө олтурсак, Акматбек Келдибеков менен Мыктыбек Юсупович экөө киришти. Бир аз убакыт өтпөй артынан А.Атамбаев кирип келсе болобу. Ушул жерден айта кетүүчү чындык, А.Атамбаев эзели парламентке бирөөнүн кабинетине басып келчү эмес. Тетирисинче, спикер баш болуп, Атамбаевдин кабылдамасында олтурушчу эле. Мына, бийликтин таттуулугу. Бетти сыйрып салып, кызматтан ажырап калбайын деп Камчы Ташиевдин иш бөлмөсүнө жетип келгенин карагылачы.

-Атамбаевдин президент болушуна Акматтын чоң салымы бар. Бирок, Атамбаев тактыга олтургандан кийин бисмилла дегенде эле Акматты спикерликтен алып түштү.

Булак: Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу