Садыр Жапаровду Кыргыз-Казак чек арасынан күткөн тарапташтарынын саны 200дөн ашты

11:40. Садыр Жапаровду «Ак-Жол» бекетинен күткөндөрдүн саны 200дөн ашты. Алар тартипти бузбоону убадалашууда.

11:30. Кыргыз-Казак чек арасынын «Ак-Жол» бекетинен Садыр Жапаровдун тарапташтары аны күтүп жатышат. Милиция кызматкерлери алардан жолду тоспоону суранышууда.

Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, келерки президенттик жарыштын болочок талапкери Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз жерине келмекчи.

Айта кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жапаровду суракка чакырган, бирок «Жапаровго сурообуз көп» деп суракка алуу кайсы иш боюнча экенин ачыктоодон баш тарткан.

2012-жылдын сентябрында Башкы прокуратура «алдамчылыкка катышуу», «кылмыш жолу менен мүлккө ээлик кылуу» беренелери боюнча иш козгогон. Жапаровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу сунушуна парламент макулдук бербей койгондон кийин иликтөө убактылуу токтогон. 2013-жылы Камчыбек Ташиев дарбазадан секирип өтүп Ак үйгө кирүүгө аракет жасаган окуясында Жапаров дагы кармалып, «бийликти басып алууга аракет» беренеси менен (Кылмыш-жаза кодексинин 30 жана 295-беренелери боюнча) сот жообуна тартылып, депутаттык мандаттан ажыратылган. Ошол учурдагы ички иштер министри Жапаровдун унаасынан курал табылганын жарыялаган. Мандаттан ажырагандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2014-жылы 31-мартта Бишкекте митинг өткөрүүнү көздөгөн Жапаров Кыргыз жерине кайтып келгенин билдирген, бирок митинг өткөргөн эмес. Башкы прокуратура анын өлкөгө кайтып келиши менен ага карата кылмыш иши жанданганын маалымдаган. Жапаров 2014-жылдан бери чет жерде жүргөн

 

 

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу