Садыр Жапаровдун уулу Рустам: “Жапаровдун уулу экенимди билгенде мени “жаап” салууга буйрук берди»

“Министрдин орун басары мен Садыр Жапаровдун уулу экенимди билгенде мени “жаап”
салууга буйрук берди”, – деп айтты бүгүнкү сотто анын уулу Рустам.
Анын айтымында досу Байгазы Казиев менен бирге 25-март күнү “Акжол” өткөрүү бекетине атасын
тосуп алуу үчүн барган. Ал жактан атасын УКМК кызматкерлери кармап кеткен. УКМКнын унаасынын
артынан башка унаа менен УКМКнын мекемесинин алдына келген. Ал эми тарапташтары менен
туугандары кийинчерээк келишкен.
“Башаламандык башталганда 5-6 киши бир кишини сабап жатканын көрдүм. Анан менин бир
тууганымды сабап жатышыптыр. Иниме жардам берүү үчүн барганымда мени кошо сабашты. Мен
колум менен бетимди жаап алдым, андыктан автобуста кимдер бар экенин, автобустун терезесин ким
сындырганын көргөн жокмун. РИИБде министрдин орун басары келип, менден ким экенимди сурады.
Мен Садыр Жапаровдун уулу экенимди айтканда мени “жаап” салууну буюрду”, – деди Рустам.
Рустам Жапаров тергөөдө көрсөтмө берүүдөн баш тартып, сотто гана 25-марттагы УКМКнын
алдындагы башаламандык тууралуу айтып жатканын билдирди.
Эске салсак, Садыр Жапаровду колдоо митингинде 12 киши кармалып, “Бейбаштык”, “Бийлик
өкүлүнө каршылык көрсөтүү”, “Бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу” беренелери менен
айыпталууда.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу