Садыр Жапаровдун мародерчулукка шектелген жардамчысы кармалды

Колго түшүрүлгөн Оторбаев тергөө аяктаганга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында болот.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2017-жылы 22-майда төрт жылдан бери издөөдө жүргөн 38 жаштагы Тимур Оторбаевди кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ал Кылмыш жаза кодексинин кыймылсыз мүлктү, имаратты жана курулушту өзүм билемдик менен басып алуу, документтерди жасалмалоо жана алдамчылык беренелери боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн.

«Оторбаев 2010-жылы 7-апрель окуяларынан кийин «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков жана Тимур Назаркулов (учурда издөөдө) аттуу кишилер менен Киев көчөсү, 74 дарегиндеги Максим Бакиевге таандык имаратты басып алууга катышкан. Андан сырткары, Алексей Елисеевге таандык үйдү 11 сотых жери менен өзүнө мыйзамсыз каттатып алган. Ошондой эле алдамчылык жолу менен Бишкекте жайгашкан имарат менен курулуштарды сатып жиберген», — деп айтылат маалыматта.

22-майда Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен Оторбаев тергөө аяктаганга чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайында болмокчу.

УКМКнын билдиришинче Оторбаев буга чейин Коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттикте иштеген жана мурдагы депутат Садыр Жапаровдун жардамчысы болгон.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу