Садыр Жапаровдун иши боюнча жаңы жагдайлар каралууда

Бишкек шаардык прокуратурасы камактагы саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун иши боюнча жаңы жагдайларды карап жатат. Бул тууралуу Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов «Азаттыкка» билдирди:

— Биз Жапаровдун иши боюнча жаңы жагдайларды кароону өтүнүп кайрылганбыз. Азыр иш прокуратуранын кароосунда. Ишти кароону алар 26-ноябрга чейин узартышкан. Ошол убакытка чейин чечим кабыл алынышы керек. Ал иште жаңы жагдайлар бар. Садыр Жапаровдун бир да күнөөсү далилденген эмес. Ошондуктан иш жаңы жагдай менен каралып, Жапаров акталууга тийиш.

Шарабидин Токтосунов Садыр Жапаровго мунапыс берилбей турганын, аны эркинен ажыраткан берене ага туура келбестигин кошумчалады.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттар тобу “Мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкууга чыгарган. Парламент мыйзамды кабыл алса, камактагы миңге жакын киши бошотулушу мүмкүн экендиги айтылган.

Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу” менен күнөөлөнүп, он бир жыл, алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген. Ал өзүнүн күнөөсүз экенин айтып келет.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу