Садыр Жапаровдун атасынын акыркы сөздөрү: “Айланайын, Алмаз балам, уулумду бошото көр!”

Бул макала Садыр Жапаров камакка алынгандан соң, атайын алыска сапар тартып, Нургожо атадан биздин чыгармачыл топ, маек алып келдик эле. Ошондогу Нургожа атанын төгүлгөн көз жашы кургабай кетти. Эми эмне дейбиз, Нургожо атанын ичинде калган ачуу арманы, айтылбай кете берди, бир уккан пенде болгон жок. Эми түбү жакшылык менен аяктасын. Себеби аталардан калган кеп бар эмеспи, «кайтар дүйнө» деген. Нургожо атанын акыркы сөздөрү менен сакалды аралаган көз жашын окурмандарыбызга кайрадан жарыялап коюну чечтик. 

84 жаштагы Нургожо Ажы ата, Садыр Жапаровдун атасы: “Айланайын, Алмаз балам, уулумду бошото көр!”

Касиеттүү Ысык-Көлдү көздөй, тагырагы, Садыр Жапаровдун туулуп-өскөн жери — Кең Суу айылына сапар тарттык. Садыр мырзанын карыган ата-энесинин ал-акыбалын сурап барганбыз. Амандашып, денсоолугун сураганда эле: “Балам камалгандан бери күч-кубатымды жоготтум, аны бирөө тартып алгандай…” деп оор үшкүрүнүп, буркураган 84 жаштагы Нургожо Ажы атанын көз жашын көрүү бизге аябай оор болду. Ыйласа жанына киши туралбайт. Баласынын Кыргызстанга келатканын, кечээ эле боштондукта жүргөн күндөрүн эстегенде кубанып, ал эми бүгүн темир тор артында, муздак жерде отурганын эстегенде эт жүрөгү эзилип, көзүнөн мончок-мончок жаш кетип атты…  Аксакалы сеңселип, ак күбө тонду белсенип, ак боз ат минип теңсейип, төрдө олтура турган мезгилде минтип арманын айтып, көзүнө жаш алып, ыйлап отурганы кабырганы кайыштырды. Суроо берип, жооп алуу кыйындыкка турду… Аз да болсо, баарлаша алдык.

—Кечиресиз ата, балаңыздын камалганын кимден уктуңуз эле?

—Үйдөгүлөр да, кошуна-колоң да айтпайт. Жаман кабарды угуузу кыйын, мен аларды түшүнөм. “ Жамандыкта бир адам керең болот” дегендей, уулумдун камалганын бүт айыл ичи угуптур, бир гана биз, кемпирим экөөбүз укпаппыз. Анан болгон чындыкты жанагы жалбырак каналы, “Сентябрь” дейби, ошодон көрүп калбадымбы? Баламдын камалганын, неберелеримдин ур-токмокко алынып, алар дагы камалып калганын укканда эле кемпирим ооруп калган, азыр ооруканада. Балабыздын канга боелгонун уккан да, көргөн да жок, укпай эле койсун. Колу менен мойну кесилип, канга боелуп жатканын көргөндө каңырыгым түтөп, жүрөгүм жарылып кете жаздады го чиркин, кызым. Эми ошол учурдагы абалымды сөз менен жеткире албайм, айланайын. Кагылайын, кызым, мындай жамандыкты эч бир ата-энеге каалабайм. Карыганда балдардын жамандыгын көргүлүк кылбасын! Менин баламды мынчалык союп салгыдай эмне кылмыш кылды? Э, айланайын, киши тонобосо, же мамлекетти тонобосо, же бир тополоң уюштурбаса, баламда эмне айып? Атасын сагынып, кубаныч менен тосуп чыккан неберелеримде эмне күнөө? Алар эмнеге ур-токмокко алынат? Мыйзам чегинде эле жоопко тартса болот эле да. Ошол ургандардын деле баласын бардыр, ата-энеси бардыр. Эмнеге сабады? Мен ушуга азыркыга чейин түшүнбөй келем. “Балдарымды ойлоп, колумду, мойнумду кесип алдым” деген экен Садыр балам. Өзү камалып жатканы аз келгенсип, балдары ур-токмокко алынып, камалганын укканда, жаны ачыйт да, айланайын!

—Кечиресиз ата, балаңыздын өзүнө өзү кол салганына ишенесизби?

— Жок, ишенбейм. Балама кол салуу эле болду го… Уулумдун канга боелуп, сыз жерде жатканын көргөндө “кагылайыным ай, Кыргызстанга кайдан келе калдың эле?” деп сыздап, өзүмдү күнөөлөп, “камалышына өзүм себепкер болдум окшойт” деп ыйлап, жемелеп жибердим. “Келе бер” деп айтып, чакырганыма чыны өкүнүп, бармагымды тиштеп, түн уйкудан калып, таңды араң атырып олтурган чагым. Жегеним желим, ичкеним ириң болуп, жаным сыздап турат. Садырды сагынып, көргүм келип турган кезим. Барсам, бийлик мага баламды көрсөтөөр бекен? Бир жолу көрүп алсам жакшы болот эле. Бул карылык деген курусун. Баламды бир көрбөй өтүп кетемби деп чочулайм. Өлүмдөн коркпойм, уулумду көрбөй каламбы деп корком. Балдарыма өмүр берсин, денсоолук берсин, жакшы күн берсин! Дегеле баарыңарга каалаганым жакшылык. Карылыгыма, жол алыстыгына карабай, “көрсөтөм” десе барат элем. “Кандай болуп атат? Курсагы токпу? Эч ким урган жокпу?” деген сыяктуу толтура суроолор мээмден чыкпайт.

—Учурдан пайдаланып, бийликке эмне дээр элеңиз?

Эми эмне дейм, кагылайын. Балам Алмазбек Атамбаев жана бийликтегилер, уулум Садырды кандай жакшы көрсөм, силерди да так ошондой жакшы көрөм. Анткени баарыңарда мага окшогон АТА бар, Садырга окшогон БАЛА, НЕБЕРЕ бар. Баарын мыйзам чегинде чечип, ырайым кылгыла, кагылайындар! Садырдын агасы, уулу жана бир нече туугандары менен кошо жактоочуларын да боштондукка чыгарып берүүлөрүн суранат элем, айланайын. Карыган кишиден каргыш эмес, бата алган жакшы. Ар бириңерге бактылуу карылыкты каалайм. Жамандык көрбөгүлө, жаш өлбөгүлө!

—Рахмат, ата. Сизге да жакшылык каалайбыз! Уулуңуз жакында келип калаар…

— Оозуңарга май, кагылайын. Уулумдун актыгына ишенем! Садырдын мүнөзү курч, чындык дегенде сөздөрү мурч. Эл үчүн күйөт, жерин сүйөт. Өтө боорукер, акылдуу. Байбичем Кадича экөөбүз беш кыз, алты уулду тарбиялап өстүрдүк. Жыйырмадан ашуун небере-чөбөрө көрдүк. Ушулардын жакшылыгын көрүп, ушулардын алдында эле кетели. Балам ак, анын актыгына ишенем. Анткени ал тополоң уюштурган жок. Келээрдин алдында “Сентябрдан” кайра-кайра сүйлөп атты го: “Баарын мыйзам чегинде карагыла! Ызы-чууга алдырбагыла!” деп…

—Балаңыздын тополоң уюштурбаганына баарыбыз эле күбөбүз. “Кумтөр”маселесин көтөргөнү үчүн камалды да?..

—Балам депутат болуп турганда ушул маселени (“Кумтөр Оперейтинг Компанинин” жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды сактоосун текшерүү боюнча КРнын депутаттык комиссиясынын башчысы болуу менен «Кумтөр» кенин иштетүүнүн натыйжасында 5 мөңгү жок кылынганын айтканы жөнүндө сөз болууда — авт. ) көп көтөрүп, «Кумтөрдөн» улам мөңгүлөр жоголуп жатканын какшап айта берчү. Ал мага: “Ата,  мөңгүлөрдү калыбына келтирүү технологиялары жок. Тилекке каршы, сактоонун да технологиялары жок. Минтип бийлик “Кумтөргө” суук колун сала берсе, кыргыз элине коркунуч алып келет” деп айтканы али эсимде. Баламдын элге бир жамандыгы жок. Элди ойлогон адам. Ошон үчүн эл бата берип, депутат кылган да. Элден айланайын, эл: “уулуңуз аман-эсен чыгып келсин” деп азыр деле батасын берүүдө. Мен дагы батамды берем, эч кимди каргабайм, шилебейм. Болгону баламды, неберемди, жактоочуларды үйгө чыгарып берүүсүн бийликтен суранам. Жол алыстыгына карабай келип, ал-акыбалыбызды сурап, сүйлөткөнүңөргө  ырахмат, айланайын, деп бизге да батасын берди.

“84 жаштагы атадан бата алган кандай жакшы” деп жолго түштүк. “Сөзүмдү бийликке жеткире көргүлө!” деп айланып-кагылып, кол булгалап калган АТАнын көз жашын эстеген сайын көңүл ооруп турду… Бийлик ушундай кылып жатса да, аларды каргабай, кайра аларга ак батасын берип, “балам” деп кайрылып, баласына боштондук суранып жатканына, чыны, таң бердик. Айылдаштарынын айтымына караганда, Нургожо ата буга чейин абдан кайраттуу, алдуу-күчтүү болгон, бат эле кубаттан кетип, минтип жакшы баса албай калган. Байбичеси Кадича АПА болсо, баласын уккандан бери ооруп калган, учурда ооруканада.

Эске салсак,  25-мартта, Садыр Жапаров Кыргызстанга кирип келе жатканда, УКМКнын кызматкерлери чек арадан кармап кетишкен. Экс-депутатка “2013-жылы Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы «Кумтөргө» байланыштуу митингде мурунку облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу окуясына тиешеси бар” деп кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу