Садыр Жапаровдун адвокаты: Өкүм даяр эмес болсо кечээ эмне окулганы белгисиз

Экс-депутат Садыр Жапаровдун адвокаты кечээ чыккан райондук соттун өкүмүнө байланыштуу шаардык сотко кайрыла албай жатканын айтууда. Бул тууралуу Шарабидин Токтосунов өзү “Азаттык” радиосуна билдирди:

— Өкүм кечээ окулду. Судья аны эртең берем деп кетип калды. Макул, балким, көбөйтүп даярдаганга убакыт керек го дегем. Бүгүн келсем, судья ордунда жок. Жардамчысы “өкүм даяр эмес, түштөн кийин келгиле” деп жатат. Даяр эмес болсо, анда кечээ кайсы өкүм окулду? Өкүмдү албай туруп мен даярдана албайм.

Кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов Садыр Жапаровду 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандык боюнча Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү), 234 (бейбаштык) беренелери боюнча актап, 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен.

Адвокаттар бул өкүмгө каршы экенин билдирип, шаардык сотко апелляция менен кайрыларын айткан.

Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Жапаров быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

Сот органдары азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу