САДЫК ШЕР-НИЯЗ: “ЖҮК АДАМДАРДЫН ӨМҮРҮНӨН ДАГЫ БААЛУУ ТУРБАЙБЫ”

Кыргыз өкмөтү учак кырсыгынан жабыркагандар канча компенсация алары тууралуу суроого жооп бере алган жок. “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында депутат Садык Шер-Нияз өкмөттү сындап, бир топ нааразычылыктарын айтты.

“АКШдагы айрым компаниялар жабыркагандарга 600 миң долларга чейин төлөйт экен. Дача-СУнун жашоочулары учакка билет сатып алышкан эмес, алар тынч гана уктап жатышкан. Тергөө кызыкчылыгы жок силерде. Жүктү 36 миллион доллар деп баалашты, адамдардын өмүрүн канчага баалашат болду экен? Бизге 600 миң доллар беришти, демек жүк адамдардын өмүрүнөн дагы баалуу турбайбы”,-деди эл өкүлү.

Транспорт жана жол министри талкуулардан соң компенсациянын суммасы белгилүү болорун кошумчалады.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу