Сагындык Келдибаев: өкмөт 20 миң адамды ишсиз калтырды. Видео

Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаев ушул жылдын май айында кабыл алынган мыйзамды өкмөт иштете албай жатканына нааразы болуп жатат. Президент ишкерлерди колдогону менен өкмөттөн тоскоолдуктар болуп жатканын билдирди.

“Май айында жер казынасына лицензия берүү жана аны пайдалануу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынган. Андан бери 9 ай өттү. Эч кандай жылышты байкаган жокмун. Мына ушул мыйзамдын иштешин 700 дөн ашык ишкерлер күтүп отурушат. Ар бир фирмада эле 20 кызматкер болсо, 20 миң адам бүгүн жумушсуз отурат”, -деди депутат.

Буга чейин да башка депутаттар бул маселени козгошкон. Келдибаев өкмөткө жолго салуу зарылдыгын белгиледи.

Күн мурун президент Туруктуу өнүктүрүү улуттук кеңешинин алдында өндүрүш жана өнөр жайды өнүктүрүү комитетин түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Ага президент төрага болду.

Булак: Калыс Медиа

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу