Сагынбек Абдрахманов, экс-губернатор: “Алмаз Атамбаев Кыргызстанды дүйнөдөгү 10 эң кедей, жакыр Африканын мамлекеттеринин катарына киргизди”

Учурда бул инсан саясый чөйрөдө көпчүлүктүн көөнүнөн орун алып, экс-президент Атамбаевди КСДПдан кууп чыгуу боюнча калайманды салып, чуу жаратып жаткан маалы. Айрымдар үчүн «ичкен кудугуна түкүргөндөй» образды жаратып жаткан бул персонанын түпкү максатын билүүгө аракет кылып көрдүм.

– Сагынбек мырза, КСДПны Атамбаевден тартып алуу идеясын көтөрүп, улам бир регионго чуу салып жүрбөйсүзбү. Мындай кадамыңыздын артында кайсы бир саясый күчтөр бар экенин жашырбастан, эркекче эле айта аласызбы? Ар бир регион үчүн оңбогондой каражат кетерин билесиз да…

– Калыгул, эсиңдеби, мен сага бул ойду өткөн жылы менин иш бөлмөмдө экөөбүз чай ичип отуруп, «Атамбаев өзү таза болбой туруп, КСДПга өзү алып келген Акаев жана Бакиевдин куйруктары менен ууруларынан кантип тазалай алмак эле?» деп айткам. Ошондо да мен сага «эски партиялаштар менен ардагерлер чогулуп, партиянын кезексиз съездинде Атамбаевдин жети жылдык отчётун угуп, өлкөбүздү карызга белчеден батырганы, Кыргызстанды дүйнөдөгү 10 эң кедей, жакыр Африканын мамлекеттеринин катарына киргизгени үчүн саясый баа берип, партиялык төрагадан аны кетирип, Сапар Исаковго окшогон Акаевдин, Бакиевдин куйруктарынан тазаланабыз» десем, сен иним байкеңе ишенмек турсун, уккуң келбей, мыйыгыңан жылмайганың жалган беле? Биз райондордо сенин сурооңдогудай коомдук тартипти бузуп, чуу салган жокпуз. 2010-жылдагы 7-апрель революциясынан кийин КСДПдан куулуп же сүрүлүп калган партиянын ардагер мүчөлөрү райондук партиянын саясый бюросунда талкуулашып, конференцияларды өткөрүү боюнча уюштуруу топторун түзүп жатышат. Сары Өзөн Чүйдүн күн батышындагы Москва, Сокулук жана Панфилов райондорунда эски бийликтеги айтылуу Икрамжан Илмиянов койгон координаторлор райондо жасалган иштер боюнча отчёт бербегендиктен, конференцияда жаңы координаторлор шайланып, конференциянын чечими менен бекитилип жатышат.

Ооба, сен жогоруда туура суроо бердиң. Бул жерде жашырып, корко турган эчтеке жок. Мисалы, Сокулуктун борборунан Камышановкага чейин 72 чакырым же болбосо Белогорканын үстүндөгү айылдарды кыдырыш үчүн бензинге, уюлдук телефондун бирдигине акча кетет. Башында биздин идеяга сага окшоп ишенбегендер көп болчу. Сокулуктагы аттуу-баштуу агаларыбызга, инилерибизге жана колунда бар ишкерлерге идеябыздын түпкүрүн түшүндүрсөк, биздин максатыбызды колдошуп, жол киресин берип жатышты. Андыктан, сенин күмөн санооңдой артыбызда эч кандай саясый күчтөр жок.

– Жакында эски партиялаштарыңыздын бири Эстебес Калиев бийлик тарабынан «Мегаком» компаниясына кызматка отурду. Анын артынан удаа эле Турдубек Молдобеков менен сиздин ысымыңыз да кызмат алчу фигуралардьш катарында аталууда. Бул жагынан кандай ой айта аласыз?

– Эски партиялашым Эстебес Сатылгановдун «Мегакомго» жумушка орношконун угуп, мен жетине албай, аябай сүйүндүм. Себеби, беш жылдан бери ал бош жүрөт. Эстекем эч жерде иштебесе, үйүндөгү карыган апасы менен үй-бүлөсүн ким батат? КСДПнын мүчөсү болбой, кызматсыз жүрдү жакшы эле. Ал 2010-жылдагы 7-апрель революциясына чейин Бакиев режимине каршы туруп, оппозициялык күрөштө кылчайнашып жүрүп келген. Ал эми Турдубек Молдобеков менен мен жөнүндө кызматка баруу тууралуу кептерди сенден биринчи жолу угуп жатам.

– Учурдун каарманы болуп жаткан айтылуу Асылбек Жээнбеков менен мамилеңиз кандай? Сооронбай Шарипович президент болгону ал кишиге жолуга алдыңызбы?

– Асылбек Жээнбеков экөөбүз Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышында КСДПдан парламентке чогуу депутат болгонбуз. Ошондон бери мамилебиз Кудайга шүгүр, жакшы эле. Ал эми биринчи жолу бир ай мурун президент Сооронбай Жээнбековго ордолуу Ош шаарына маркум, бейиши болгур залкар талант Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин орнотуу боюнча жолуккам.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу