Сагынбек Абдрахманов, КСДПчы: «Атамбаевчилер аны сыртта өлтүрүп, бийликке шылтап коюшу толук мүмкүн!

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин рупору – “Апрель” телеканалы аны менен болгон маегинин анонсун берди. Бул кыска анонсто журналисттер президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабындагы каржылык документ делген эч бир коюлган колу, же мөөрү жок далилсиз кагаз боюнча суроо беришкен, “сиздин оюуңузду уккубуз келет” деп.

Атамбаев аябагандай олуттуу түр менен “штабдын бухгалтери Надира Сатыгул кызы өлкөдөн чыгып кетти, анткени ал өзүнүн коопсуздугунан коркуп жатат. Бул бийлик аны өлтүрүп да коюшу ыктымал. Бул документ жөнүндө билгендер өз өмүрүнөн коркуп жатышат. Илмияновду камабаса, документ чыгып кетмек эмес ”, деп бет тырмады.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Жээнбековдун штабынын гана эмес, көп жылдан бери КСДП партиясынын бухгалтери, андан мурда Атамбаевдин жеке “секретаршасы” Надира Сатыгул кызы бул документ жарыялана электе эле, 11-ноябрда Кыргызстандан чыгып кеткен. 4 күндөн кийин 15-ноябрда, эртең Жээнбековдун юбилейи деген күнү Атамбаевдин буйругу менен керектүү жерлери жасалма кошулуп, алынчу жерлери алынып туруп, коомчулукка Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов аркылуу жарыяланган.

Эми атамбаевчилер шайлоодо БШКнын каражаттарды көзөмөлдөөчү топтун жетекчиси болгон Адилет Сатыгуловду (Надира Сатыгул кызынын уулу) “сени булар өлтүртөт” деп коркутуп-үркүтүп атышып, жүрөгүнүн үшүн алып коюшуптур.
Надира Сатыгул кызын сыртка шылтоо менен качырган Атамбаевчилер өздөрү аны өлтүрүп туруп (сырт жактан анын көзүн тазалап коюш оңоюраак эмеспи?), бийликке шылтап коюшу толук ыктымал. Мамлекетти ушунча жылдан бери тоногон булардан мындан да жаман нерселерди күтсө болот.

Эмне себептен “Апрель” телеканалы маектин дал ушул жерин алып туруп, анонс кылып берип атат? Демек, бухгалтердин өмүрү чындап эле коркунучтабы? Бирок анын көзүн Атамбаевдин өзү тазалап коюп жүрбөсүн?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу