Сагынбек Абдрахманов, КСДПнын жаңы лидери: “Лидер болушуң менен деп куттуктап келген олигархтар толтура болуп жатат”

– Сагынбек мырза, сиз КСДПнын жаңы төрагасы болуп шайланган 3-апрелдеги 18-съезддин мыйзамдуулугу боюнча көп талаш жаралууда. Бул съезд боюнча Иса Өмүркулов партиянын саясий кеңеши чакырды деп айткан эле. Саясий кеңештин канча мүчөсү ошол жыйынга барып, съезд өтсүн деп колдогон? Алардын ошол жыйынга катышты деп кол койгон чечим барбы сизде?

– Ушул жылдын 4-мартында КСДП партиясынын саясий кеңешинин жыйыны болгон. Ал жыйында 6 пункттан турган чечим кабыл алынган. Иса Өмүркуловду саясий кеңештин жыйынынын төрагасы, Жылдыз Мусабекованы жыйындын катчысы кылып шайлашкан. КСДП партиясынын саясий кеңеши кабыл алган 2018-жылдын 31-октябрындагы чечимин легитимсиз деп таануу, 2017-жылдын 9-августундагы жана 2018-жылдын 29-августундагы партиянын саясий кеңеши кабыл алган С. Абдрахманов менен К. Рыспаевди партиядан чыгаруу боюнча чечимин жокко чыгарууну кабыл алган. 3-апрелде Бишкек шаарында кезектеги 18-съездди чакыруу чечимин чыгарышкан. Бул жыйынга саясий кеңештин 19 мүчөсү катышкан. Ошол адамдар кол коюп, жыйынды колдогон документтин түп нускасы менде бар. Атамбаев сотко берем деп күпүлдөп жатпайбы,- Сотко берсе ошол документти көтөрүп барам. 19 мүчө катышкан саясий кеңеш бизди укуктук талаага чыгарып беришти. Ошол мыйзамдын негизинде съезд чакырылды. Менин КСДПга төрага болуп шайланышым мыйзамдын чегинде болду. Атамбаев мени канча жолу сотко берсе да мыйзам биз тарапта экенин далилдеп утуп чыгам. Аймактарда конференциялар өткөрүлүп, делегаттар шайланып келишти. Аларды зордоп алып келген жокмун. 291 делегаттын шайлоосу менен төрага болуп шайландым. Муну мыйзамсыз деп бир дагы сот чечим чыгара албайт.

– Адилет министрлиги сизди расмий түрдө төрага деп каттап койду. Муну рейдерлик деп баалап жатышпайбы?

– Бул жерден эч кандай чыр чыкпайт. Баары мыйзамдын негизинде болду. Съездде кабыл алган пункттардын ичинен экөөсүн гана Адилет министрлигине өткөздүк. Партиянын төрагасы менен дарегин алмаштырууну гана. Буга мөөрдүн кереги деле жок.

– Атамбаев өткөргөн съезддин чечими менен министрлик кайрадан эле Атамбаевди төрага кылып шайлап койсочу?

– Атамбаев өткөргөн съезд легитимсиз. 2018-жылы ал адам өзү хан болчу да. Ошол кезде формалдуу түрдө эле 6-апрелде съезд өткөрөбүз деп айтып койгон. Саясий кеңештин жыйынында кворум болгон эмес. Аларда менин колумдагыдай кагазы жок. Ошол үчүн сотко бералышпай жатышат да. Мен ар жерден үрүп чыга бербестен чындык силер тарапта болсо сотко бергиле деп айтып жатам. Алар мени сотко бералбаса, мен аларды сотко берем.

– Кандай жүйөө менен сотко бересиз?

— Атамбаев биздин логотипти көтөрүп, Адилет министрлигинин алдына чыгып, аларды коркутуп жатат. Башкы прокурорго кат жазды. Биздин дарегибизге ар кандай жаман сөздөрдү айтууда. Бул кылганы экс-президенттин деңгээлине туура келбейт. Ал укуктук талаада кандай күрөшүштү дагы жакшы билет. Азыр ал жолду тандагандан чоочулап олтурат. Анткени, утулуп калып шермендеси чыгаарын түшүнөт. Министрликке барып кыйкырганча, бизди сотко бербейби кыйын болсо. Ал кишиге эки жолу кат жаздым.

— Сиз партиянын мөөрүн, мүлкүн бер деп талап кылып жатасыз. Кайсыл мүлк менен акчаны айтып жатасыз?

– 3-апрелдеги съезд өткөн күндүн эртеси эле партиянын жаңы төрагасы катары Атамбаевге “Алмазбек Шаршенович, мен КСДП партиясынын төрагасы болуп шайлангандыктан сиз бизге партиянын Уставын, мөөрүн, күбөлүктөрүн мыйзамдын чегинде өткөзүп бериңиз деп расмий кат жөнөткөм. Экинчи жолу да мөөрдү бериңиз деп кат жаздым. Ал адам берген жок. Ошондуктан, “Кыргыз Туусу”, “Эркин-Тоо” гезиттерине Атамбаевдин колундагы мөөр жараксыз деген жарыяны чыгарып койдук. Эми өзүбүз жаңы мөөр жасатып алабыз. КСДП партиясы тарыхый партия. Ага тийешелүү мүлк бар. Ал Атамбаевдин жеке менчиги эмес. Партиянын мүчөлөрү, демөөрчүлөр партиянын эсебине балким акча которгондур. Аны биз билбейбиз. Улуттук банкка расмий түрдө кат менен кайрылып, партиянын банктагы эсептеринин баарын тоңдуруп коюңуздар деп сурандык. Катка жооп келгенден кийин ошого жараша кыймылдай баштайбыз.

– Атамбаев менен жаман катынча ар нерсени айтыша бербей, элдин көзүнчө дебатка чыкканга макулсузбу?

– Сиз олтурган жерге “Апрель” телеканалынын 3 журналисти келип олтуруп, менден маек алып кетишкен. “Дебатка барасызбы?” деп чакырышкан. Мен каалаган жериңерге барганга даярмын, бирок дебатты силер чечпейсиңер, Атамбаев, Фарид Ниязов деген кожоюндарыңар мени чакыргандан коркушат деп айткам. Атамбаев мени менен дебатка чыга албайт, эр болсо келет эле го өзүнүн телеканалына. Жакында эле “Марал” радиосу дагы мени эфирге чакырып калды. Мени менен ким болот?- деп сурасам, “Форум” тараптан болот” деди. Ирина Карамушкина же болбосо Асел Кодуранованы чакыргыла, ошолор менен дебатка чыгайын десем, “алар сиз менен дебатка чыкканга макул болбой жатышат” деп айтышты. Атамбаев аянтка чыгып, элдин көзүнчө чындык ким тарапта экенин такташабыз десе, ал жерге барганга деле даярмын. Эртең чакырса да барам. Өзү мени менен элдин алдына чыга алабы?

– КСДПга мүчө болуп кирип алган капчыктуулар кайсыл лидерге барышты билбей турушат. Сиз менен таанышып алайын деп келип жаткандары болуп жатабы?

– Рыскелди Момбеков “Бизге кыйын болуп калды, талтайып турабыз” деп айтпадыбы. Качанга чейин талтайып турушат, чаты айрылып кеткичеби? Бир жактама болуш керек да. Кыргызстан боюнча делегат болуп келишип, мени төрага кылып шайлагандан кийин мени менен таанышууга келет деп ишенем. Азыр түштүк аймакка партиянын иштери боюнча иш сапарга кетип жатам. Келгенден кийин парламентте олтурган биздин депутаттарды таанышуу максатында чакырып, пикир алышам.

– Депутат эмес, бизнесине тирөөч издегендер “Форумдан” чыкпай калышпады беле. Сизди куттуктап келип аткандары барбы?

– Андайлар толтура. Сиздин алдыңызда эле олигархтар чыгып кетишпедиби. Мен алар менен бизнес тууралуу сүйлөшпөйм. Жөн гана куттуктап келгенине ырахмат айтып узатып жатам.

Орозбек Кыялбек уулу

Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу