Сагынбаев: Райым Матраимовдун иниси агасынын мүлкүн текшерүүгө бут тоспойт

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Райым Матраимовдун мүлкүн иликтөөнү баштады. Анткен менен анын бир тууган иниси Исламбек Матраимов аталган кызматтагы башкармалыктын бирин жетектейт.

Райым Матримовдун Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта иштеген иниси агасынын мүлкүн текшерип чыгууга бут тосо албайт. Бул туурасында Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимовдун мүлкүн январдын соңунан баштап текшере баштаган. Андан мурдараак президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жаткан учурда Райым Матримовдун мүлкүнүн эсеп-кысабы алынарын билдирген.

Анткен менен Матраимовдун бир тууган иниси Исламбек Матраимов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында Ички иликтөө боюнча башкармалыктын жетекчиси болуп иштери белгилүү.

Сагынбаевдин айтымына караганда, бул башкармалык Финполдун өзүнүн кызматкерлерин текшерүү менен гана алектенет.

«Анын (Райым Матраимов — ред.) кичүү бир тууганы текшерүү иштерине бут тоспойт. Мен бул иштер Башкы прокуратура менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат менен биргеликте жасалып жатканын кайталап айта кетейин. Матраимов (Исламбек — ред.) учурда эмгек өргүүсүндө. Ал тоскоол болугусу келсе да аны жасай албайт», — деди Сагынбаев.

Катчы текшерүү иштери уланып жаткандыгын кошумчалады.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу