Сагынбаев:” Албек Ибраимов кабинетинен 250 миң доллар пара алган”

Экс-мэр Албек Ибраимов кабинетинен 250 миң доллар жана 20 миң доллар пара алганын маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, бул каражат “Дастан Инжиниринг” компаниясынын кассасынан чыгарылган. “Ибраимовго бир нече кылмыш иши боюнча айып тагылып жатат. “Дастан Инжиниринг” жана “Дастан” компанияларынын келишимине ылайык, атайын жабдуулар кымбат баада 21 миллион 942 миң сомго жеткирилген. Мындан улам Албек Ибраимовго, орун басарына жана башкы бухгалтерине коррупция жана алдамчылык боюнча айып тагылган”, – дейт Сагынбаев.

Эске салсак, 2018-жылдын 28-майында УКМК тарабынан “Дастан” ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурдагы сатып алуулар боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. 19-июлда ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. 23-июлда Албек Ибраимовго карата УКМК тарабынан Бишкек шаарындагы жер тилкелерге байланыштуу коррупция боюнча жаңы айып угузулган. Экс-мэр ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Булак: Говори тв

Аргумент.kg
Жооп калтыруу