Сабыр Муканбетов: Алмазбек Атамбаевдин аң-сезими кекчилдикке ууланып, оюна өч алуудан башка эч нерсе кирбей калды..

— Сабыр байке, узун кепти улайлы. Бизде, Кыргызстанда саясый сезон күздө, жазда кызыйт эмеспи… Мына жайкы эс алуулар аяктап, эл журт күнүмдүк, көнүмүш көр-тирлик оокатын баштап, саясатчылар да борборго жыйыпып, ана башталат, мына башталат болуп, кандайдыр бир өзгөрүштөрдү күтүп, кулак туруп турат. Негизги өзгөрүштөр кайсы багыттан, кимдер тарабынан болушу мүмкүн дел ойлойсуз?

— Азыр элдин кулак түрүп, баам салып турган маселелердин негизгиси бул экс президент менен азыркы президенттин мамилеси. ЖМКларга “Алмазбек Атамбаев аттуу-баштуу чүйлүктөр менен жолугуптур, эски революциячыл соратниктерине жолугуп, тамак берип кечирим сураптыр, акча чачып 20 миң адам чыгарып төңкөрүш жасайт экен”- деген сыяктуу материалдар жайнап кетти. Эл чын-бышыгын биле албай чочулап турат. Өкмөттө структуралык өзгөрүүлөр болуп, кадрдык алмашуулар күтүлүп жатканы айтылууда. Саясый күчтөр да иргелип, жаңы бийликке ыктоо процесси күчөп, партиялар кыймылга келип, 2020-жылкы шайлоо тууралуу ойлоно баштаганы байкалат. Андан тышкары, баягы эле коррупцияга каршы күрөш, анын жыйынтыгы тууралуу кептер айтылууда.

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу