Сабыр Жумабеков жардамга муктаж Гүлмира айымды бекер даарылайт…

Дүйнөгө таанымал болгон мекендешибиз, Академик, врач-ортопед Сабырбек Жумабеков, социалдык тармактарга чыккан  Гульмира аттуу айымдын оор акыбалын көрүп, аны өзү акысыз текшерип, даарылоону чечти.

Бул маалыматты соцтармакка чыккан видеороликке Сабырбек Артисбекович өзү комментарий катары жазып билдирди:

-Мен Венада Конгрессте жүрүп видеону көрдүм. Жүрөктү оорутат. Менин бейтапканама алып барсаңар, жаткызып, текшерип даарылап беребиз. Бүт баары бекер болот. Орун басарым Кубатбеков Алмаз күтүп алат. Мен ишемби күнү барып калам. Колдон келишинче жардам берем. — деп жазды Академик.

Боорукер адамдардан уучубуз куру эмес экенине дагы бир ирээт ынандым. Элибизде Сабыр мырзадай боорукер адамдар көп болсун. Сабыр Жумабеков ар-дайым кайрымдуулук кылып, жардамга муктаж адамдарга колун сунуп келет. Бул жолу да кайрымдуу иш кылууга бел байлап олтурат. Бар болуңуз Сабыр Артисбекович, ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу