«Р. Т.» ЖЧКсына мыйзамсыз берилген жердин артынан А. Ибраимовдун кулагы чыкпайбы?

Бишкек шаарынын прокуратурасы КР антикоррупциялык мыйзамын аткаруу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстары Башкармалыгында текшерүү жүргүзүшкөнү маалым болду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 2017-жылдын 20-июлунда «Бишкекглавархитектура» муниципалдык ишканасынын кызматтагы адамдары КР жер мыйзамынын талаптарын бузуу менен «Р. Т.» ЖЧКсына Бишкек шаарынан кошумча 0,31 га аянтындагы жер тилкесин берүү боюнча комиссиянын кароосуна сунуш жөнөтөт. Ал тыянакта аталган жер тилкеси курулуш куруу линиясынан жана кызыл линиянын чегинен сырткары чыгып турган фактыны атайылап жашырышкан.
2017-жылдын 21-июлунда жогоруда аталган комиссия тарабынан ал жер тилкесин «Р. Т.» ЖЧКсына убактылуу колдонуп турууга уруксат берген чечим кабыл алынат. Ал чечимдин негизинде жерди беш жылга ижарага берүү келишими түзүлөт.
Андан ары 2017-жылдын 25-сентябрында «Р. Т. » ЖЧКсы сатуу-сатып алуу келишими менен 0,31 га жер тилкесин «П. А.» ЖЧКсына 3 млн 500 миң сомго сатып жиберген.
Мындай жол менен Бишкек мэриясынын жана «Бишкекглавархитектура» муниципалдык ишканасынын кызматтагы адамдары кошумча жер тилкесин мыйзамсыз берүү менен ошол компаниянын кызыкчылыгын көздөшкөнү белгилүү болду.
Натыйжада Бишкек прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 166-берене «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголду. Эгерде бул ишти тереңден каза турган болушса, анда мэр Албек Ибраимовдун да кулагы чыгышы толук мүмкүн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу