Рыспаев: мен КСДП фракциясында кала берем

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылган Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев азырынча парламенттеги партиянын фракциясынан чыгаруу тууралуу сөз жок экенин билдирди.

— Менин мандатым бар, депутат катары фракцияда кала берем. Фракциянын регламентти өзүнчө жазылган. Азырынча мени чыгаруу жөнүндө сөз жок, —деди депутат.

29-августта КСДПнын саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты, бул партиянын мүчөсү Кожобек Рыспаевди партиядан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган.

Партиянын саясий кеңеши ошондой эле Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттарына Кожобек Рыспаевди Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгынан, тиешелүү убактылуу комиссиялардагы, жумушчу топтордогу жана туруктуу делегациялардагы мүчөлүгүнөн чакыртып алууга кеңеш берген.

Рыспаев 2010-жылы “Ар-Намыс” саясый партиясынын тизмеси менен V чакырылышта, 2015-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен VI чакырылышта Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2012-жылдан бери парламенттеги Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгын аркалайт.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу