Рыспаевди иттен чыгарып коюшту…

Хамелеондой өңүн кубулткан Жогорку Кеңештин де-путаты Кожобек Рыспаевди КСДП өз катарынан чыгарды. Мындан кийин Рыспаев партиянын атынан эмес, өз атынан сүйлөөгө тийиш.

Феликс Куловду сатып, кийин Атамабевди сатып жеке кызыкчылыгын гана ойлогон Кожобектин чыныгы жүзү баарына дайын болду. Качан партиядан чыгарылып, ишенимден кеткени жарыяланган соң «мен Атамбаевди саткан эмесмин» дегенди айтып «кыңшылады».

Күн тийген жердин күкүгү болуп, ким бийликтин эки тизгин бир чылбырын алса, принцип дегенди унутуп коюп кошоматты кабаттап айткан жоруктарын эл билбей тургансып актанып, ыйлактаганына эми ким ишенет?

Кандай болгон күндө акыры, туруктуу позициясы жок, ыңгайына жараша кожоюн алмаштыра берген «сойкудан» жаман жоруктарынын жообун алышы керек эмеспи….

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу