Рыскелди Момбеков: «Ыңкылапты жокко чыгарчу кадамдар башталды»

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Апрель революциясын жокко чыгара турган кадамдар башталганын билдирди. Ал бул тууралуу «Медиа Форумдагы» Апрель ыңкылабын эскерүү иш-чарасында айтты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

— «Апрель ыңкылабынын максаттарын ишке ашырып жатабыз» деп жатышпайбы. Ошолор калптын казанын эле кайнатып жатат. Эч нерсе ишке ашкан жок. Апрель окуясынын ой, максаттарынын ишке ашканын ким көрдү? Апрель революциясын жокко чыгара турган кадамдар башталууда. Бул өтө коркунучтуу. Апрель революциясы март революциясындай уурдалып кетпеши керек. Он жылдан кийин ушул жерге кайра митингге чогулуп отурабызбы, дагы бир келген кишини кетиребиз деп? Кыргызстанга эми ыңкылап эмес, ынтымак керек.

Рыскелди Момбеков учурда кыйын абалда турганын да кошумчалады:

— Мен азыр эки жакта турам. Бир бутум партияда, ал эми партия оппозицияда. Бир бутум фракцияда, ал эми фракция коалицияда. Ит эле болдум да. Өзүмдү өзүм сындай албайм, өзүмө өзүм каршы чыга албайм. Туура, Алмазбек Шаршенович элден кечирим сурап, жаңы келген келиндей болуп отко кирип кетпедиби. Мага кыйын да. Анткени бул кишинин досу — Сооронбай Шарипович менин да досум.

Бүгүн, 7-апрелде «Медиа Форумда» экс-президент Алмазбек Атамбаев баш болгон КСДП Апрель окуясын эскерүү иш-чарасын уюштуруп жатат.

Булак:  NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу