Рыскелди Момбеков, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Нурлан Сулаймановго орден берип, калгандарына ордер берип камайлы”

— Рыскелди мырза, тармактык комитеттин отурумунда сиз орду-түбү менен жок болуп кеткен 35 млн. сом тууралуу маселе көтөрдүңүз. Ал эмне болгон акча?

— 2017-жылы Ак-Талаа районундагы Актал-Чат айылына көпүрө куруу боюнча президенттин тапшырмасы болгон. Президент өзүнүн фондусунан 35 млн. сом акча бөлүп берген. Транспорт министрлиги өзүнөн 11 млн. сом кошуп, жалпы 46 млн. болгон. Бирок, көпүрө курулбай, президент берген акча кумга сиңген суудай жок болуп кеткен. Себеби, жол чарба департаментинин башчысы 46 миллионго эч кандай тендери жок эле “Кербенжолкурулушка” көпүрө курууга тапшырма берет.  “Кербенжолкурулуш” 35 млн. сомду алдын ала котортуп алып, өз кезегинде ал акчаларды оруссиялык бир компанияга которот. Ошентип, акча орду-түбү менен жоголот. “Кербенжолкурулуштун” башчысы Болот Искендеров менен Арстанбек Ибраев: “сиз котор дедиңиз эле, биз которгонбуз” деп министрге шылташат. Бул экөө бир айылдан. Эки ортодо эмне болду? УКМКнын кызматкерлери тигилерге иш козгоп, суракка алганда, тиги “Кербенжолкурулуштун” башчысы дүйнө салып кетти. Аксылык жигит болчу. Ал эми Арстанбек Ибраев камалды. Бирок, көпүрө жок да. Өткөндө ушул суроону транспорт министрине берсем, “акча жок болуп кетти, эми өзүбүздүн күчүбүз менен курабыз” дейт. Өзүбүздүн күчүбүз менен курганыбыз кандай? “Ар бирибиз чөнтөгүбүздөн акча чыгарып, анан көпүрөнү кайра калыбына келтиребиз” деген сөзбү? Эмне үчүн башкы прокуратура ушу кезге чейин иш козгобойт?

— Министрдин жолдордун сапаты тууралуу сурооңузга берген жообу да сизди канааттандырбады окшойт…

— Бишкектен чыгып эле Сокулукту көздөй кеткенде былтыр күзүндө эле ремонттолгон жолдор азыр кайра эле аңгек, чуңкур болуп калды. Эмне үчүн эгемендик алганга чейин курулган эски жолдор 40 жылга чейин чыдайт да, жаңы салынган жолдор бир жылга да жетпейт? Жанымда ошондо Нурбек Карыевич отурган, ал жыгач менен иштеген бизнесмен эмеспи. Экөөбүз эсептеп көрдүк да. Бир километрге эгер элүүлүк тактайлар менен эки кабат кылып жол салчу болсо, арзан түшөт экен. Ошон үчүн “жол салганча жыгачтын пол салган артык экен” дедим. Маданият – Жалад-Абад жолун долбоору жок, жумушчу долбоор менен  эле баштап атпайбы булар. Жумушчу долбоордун өзүндө мандем турат. 67 чакырым жолго булар 60 млн. доллар акчаны кредитке алып атышат. Аны кыргыз эли төлөйт да. Ошондо ар бир чакырымга 900-1000 сомдон туура келет экен. Мен Тараз жолунагы экинчи фазасын алып көрдүм. Отуз чыкырым жол 17 миллионго бүткөн. Алардыкы 560 миңден туура келип атат. Эмне үчүн тияктыкы 900 миң доллардан болуп атат? Экөөнүн кенендиги да, тереңдиги да бирдей. Ортодогу акча кимдин чөнтөгүнө кетүүдө? Демек, булар ашыкча акча менен кредит алып алып, тендер деген “тең бер” да, ошол жакка акырын кыйшайтып баратышат. Биз  Бишкек-Ош жолун сапатсыз салгандарга, акчаларды жеп кеткендерге карата кылмыш ишин козгодук да. Бирок, турмуш чындыгы ушунда, Нурлан Сулайманов салган жол эң чыдамдуу жол болбодубу. Ал өзүнүн мөөнөтүн актап бүттү, он жылдан ашык кызмат кылып берди кыргыз элине. Андан кийинки министрлердин тушунда салынган жолдор бир жыл, эки жылда бузулуп атпайбы. Алардын жоопкерчилиги эмне үчүн каралбайт? Эгер объективдүү боло турган болсок, Сулаймановго орден берип, калгандарына ордер берип камаш керек да.

— Анда Нурлан Сулаймановго кылмыш иши туура эмес козголгон дейсизби?

— Андан кийинки министрлерге салыштырганда Сулаймановдун күнөөсү аз болуп атпайбы. Андан да көп акча жегендерге эч кандай кылмыш иши козголбой жатат. Сулаймановго козголгондон кийин буларга эки эсе козголушу керек болчу.

Керим МУРАС

Булак: Азия Ньюс 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу