Рыскелди Момбеков, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Азыркы өкмөттүн кадыры какшып, баркы банкрот болуп баратат”

-Рыскелди мырза, “азыркы өкмөт түкүрүк өкмөт болуп калды” деген сөзүңүздү чечмелеп берсеңиз?

– Эмне үчүн мен андай сөздү айтууга аргасыз болдум? Анткени, Кыргызстандын эгемендикти алгандан берки тарыхында отузунчу өкмөт иштеп жатат. Анан ар бир өкмөттүн өзүнүн иштеген мөөнөтү болот, иштеген ишинде көрсөткөн дөөлөтү болот. Эл тарабынан ал өкмөткө энчилеп коюлган аты болот. Маселен, Чыңгышевдин өкмөтүнүн «алтын уурдаткан өкмөт», Оторбаевдин өкмөтүнүн «техникалык өкмөт», Отунбаеванын өкмөтүнүн «убактылуу өкмөт», Бабановдун өкмөтүнүн «коалициялык өкмөт», Сапар Исаковдун өкмөтүнүн «технократтык өкмөт» деген аты бар эле. Ал эми азыркы өкмөттү эл эмне деп эстейт? Эң ириде «насвайчыларга салык салган түкүрүк өкмөт» деп айтат. Муну мен айтып жаткан жокмун, «түкүрүк өкмөт» деген лакапты эл койду. Элдин бул өкмөткө болгон ишеними барган сайын азайып баратат. Экономикалык эмес, кадр саясатындагы калпыстык эмес, эң ириде жаңы кодекстер менен кирген жаңжалдардан улам «түкүрүк өкмөт» деген ат коюп алышты.

– Ушуга байланыштуу өкмөт алмашышы мүмкүнбү?

– Эгер азыркы өкмөт ушундай темпте кете берсе, элдин пикирин эске албаса, эл аларды кечире албайт. Азыркы өкмөттүн кадыры какшып, баркы банкрот болуп баратат. Элдин өкмөткө болгон ишеними таптакыр эле жок калды. Жаңы ишканалар курулбаса, айлыктар, пенсия-пособиелер көбөйбөсө… Ушундай жагдайда булар жазга киреби, же сазга киреби – аны убакыт көрсөтөт. Эгер 2019-жылдын башындагы аракеттери алгылыктуу болбосо… Мына көрдүңөр, эл жаңы жыл башталганда эле жаңы кодекстерге каршы чыкканына эң ириде экономикадагы жылыштардын жок болгону себеп болду. Элдин өкмөткө болгон ишеними түгөнүп баратканын кашкайта көрсөтүп турат. Мындай өкмөт алыска барбайт. Муну өкмөт өкүлдөрү өздөрү деле сезип жатса керек. Азыркы Жо-горку Кеңештин жыйындарынан деле карасаңар болот. Жакшы саамалыктар, же болобосо элди үмүт менен, үгүт менен тартып кете турган өздөрүнүн ниеттери да жокпу, же өздөрү деле сезип атабы жазга жетпей жайрап каларын… Анын курамында чоң бир өзгөрүү болот деп күтүп атам. Менимче, өкмөт толугу менен отставкага кетпесе дагы, жетимиш-сексен пайызы кетүүгө мажбур болот. Саясаттын азыркы нугу ошондой акыбалга алып баратат.

– Курамы өзгөрсө эле абал оңолуп кетиши мүмкүнбү?

– Жок, башы дагы өзгөрүшү керек. Азыркы өкмөттө чынын айтыш керек, жаңы келген министрлер бар, тышкы иштер, маданият, каржы министри, дээрлик 50 пайызы жаңыланып калды. Мен ойлойм, өкмөт башында дагы отставка болуп, курамында аз эле адамдар калат болуш керек. Ал эми калгандар кетет го дейм. Өкмөт жаңы адамдарга, жаңы кадамдарга муктаж болуп турат.

– Кандай деп ойлойсуз, өкмөт өзү эле кетип калабы, же парламент Сапар Исаковдун өкмөтү сыяктуу ага ишеним көрсөтпөй коюшу мүмкүнбү?

– Өкмөт өзү отставкага кетсе, өзүнө минус болот. Андыктан, парламент кетиргени туура болот. Парламент өкмөттү «түзүмүн берип, түшүмүн бере албаганы үчүн ишеним көрсөтпөй кетирип салды» деген бийлик үчүн ыңгайлуу. А өкмөт өзү отставкага кетип калса, анда жоопкерчилик президенттик бийликке артылып, же болбосо «силер сунуштаган өкмөт өзүнөн-өзү жарым жолдон кетип калды» деп башкаруучу коалицияга да сөз тиет. Жоопкерчилик башка жакка бурулуп кетет. Ошондуктан, азыркы өкмөттүн жаназасын парламент окуусу керек деп турам. Мен муну эмне себептен боолголоп атам? Анткени, эсиңиздерге сала кетейин, сентябрь айында өкмөт башчы Жогорку Кеңешке келгенде «мен жаңы жылдын алдында өкмөттүн жаңы түзүмүн алып келем» деп ишенимдүү айткан. Бирок, өкмөт башчы түзүмдү декабрь айында алып келген жок. Ишенимдүү айткан адамдын ишеничтен кетип калганын мен ушундан негиздеп турам.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу