Рыскелди Момбеков: “Автобустун айынан 1 мэр камалып чыкты, 2 мэр абакта, эми Азиз Суракматов камалбайбы?

Кечээ, 18-декабрда КР Жогорку Кеңешинин профилдик комитетинин отурумунда КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков “Бишкектин мэри Азиз Суракматов мэрликке шайланып жатканда шаарга 800 автобус алып келип, тыгындар көйгөйүн чечем деген эле. Азыр 80 автобус алып келип жатканын жарыялады. Жылына 80 автобус алып келип олтурса 800 автобусту канча жылда алып келет. Анан 80 автобустун баасын күмөн туудуруп, кымбат экен. Ушул Бишкекке автобус алып келем деп Бишкектин мэрлеринин баары камалып кетип жатышат. Бир мэр камалып чыкты, эки мэр камалып олтурушат, эми алардын артынан Азиз Суракматов кетип калбайбы?”- деп суроо салды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу