Рустам Маманов киши жейби?

Акчасы арбын болгон менен акыл-көрөңгөсү анчейин эмес Рустам Маманов деген бар. Ар качандан бир качан акылына эмес, акчасына ишенип ооз көптүрүп сүйлөйт. Анысын адатка айлантып, өнөр кылып алган. Алыс барбай эле, жакындагы эле жоругун айтсак жетиштүү болот. Мына президенттик шайлоо өттү. Шайлоодо Бабанов утабы же Жээнбеков жеңеби деген суроо кабыргасынан коюлду. Ич ара түкүнчө президент болот деп мелдешкендер чыкты. Алардын арасында Равшан Жээнбеков менен Рустам Маманов дагы бар. Равшан Бабанов утат деп, Маманов Жээнбеков жеңет деп бир жылкыга мелдешиптир. Шайлоодо Жээнбеков жеңишке жетти. Маманов болсо «Равшан жылкыны бербесе өзүн союп жейбиз» – деп дөөрүп жатат. Ушундай дагы көпкөндүк болобу? Ошондо Маманов киши жеп калганбы? Эсирбей эсиңди жыйчы кызыл кулак деген киши жок.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу