Россиянын “Коммерсантъ” гезити: “УКМКнын абагындагы Атамбаевдин досторунун бири кытай кредитинен өөнөп калган $5 млн акчасын казынага өткөрүп бергенге даяр экен”

Экс-президент Атамбаевдин соратниктери биринин артынан бири камалып жатышат. УКМКнын тергөө абагына экс-премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” АККнын директору Айбек Калиев сыяктуу Атамбаевдин жакын достору олтургузулду. Алардын баарына коррупциялык уурдап-тоноолор боюнча айыптар тагылды. Айрымдары суракта айыбын мойнуна алып, көрсөтмө бере баштады. “Коммерсантъ” басылмасынын маалымат булактары билдиргендей, абакта сурак берип жаткандардын бири Бишкек ТЭЦин модернизациялоого алынган кытай кредитинен өөнөп калган $5 млн акчасын казынага өткөрүп бергенге даяр экендигин билдирген. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Бишкек ТЭЦинин модернизациясына жумшалды деген $386 млн акчанын жарымын чиновниктер өздөрүнүн эсептерине которуп алышкан. КР Президентинин аппараты “Коммерсантъ” басылмасына билдиргендей, ТЭЦти оңдоону жүргүзгөн кытайлык ТВЕА компаниясынын өкүлдөрү мурун тергөө менен кызматташуудан баш тартып келишсе, азыр кыргыз тараптын кытай кредитин пайдалануусу боюнча документтерди жана маалыматтарды бере башташты.

Булак: “Коммерсантъ”

Кыскартып кыргызчалаган Кyrgyztoday.кg

Редакциядан: Биз серепчи Сабыр Муканбетовдун маалыматына таянып, УКМКнын абагында олтургандардын бири $7 млн акчаны казынага өткөрүп бериптир деп жазсак, чычалагандар болду эле. Эми Москвалык “Коммерсантъ” басылмасынын жазганынан кийин кыргыздын “шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт” деген лакап сөзү бекеринен айтылбаганына дагы бир жолу ынанасын.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу