Равиль Гайнутдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында заманбап мечиттин ачылышына катышат.
Россиянын башкы муфтийи Равиль Гайнутдин 31-мартта Кыргызстанга келет. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
«Равиль Гайнутдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында 1-апрелде Бишкек шаарынын Осмонкулов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде курулган заманбап «Махмуд ал-Кашгари» мечитинин ачылыш салтанатына катышат. Ошондой эле эки өлкөнүн достук мамилелеринин бекемделиши, дин башкармалыктарынын кызматташуусу боюнча маалымат жыйынын өткөрөт», — деп айтылат маалыматта.
Мечиттин расмий ачылышы 1-апрелде болот. Ага дин аалымдары, депутаттар жана өкмөттүн өкүлдөрү катышат.
Булак: sputnik.kg