Россияда миграциялык мыйзамды бузган 50 кыргызстандык кармалды

Элчиликтин аракеттеринин негизинде тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүп кармалгандардын 40кы коё берилген.

Кыргызстандын 50 жараны Россиянын миграциялык мыйзамын бузгандыгы үчүн  кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары Россиянын укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

«12-апрелде Кыргызстандын кармалган 50 жаранынын укугун коргоо үчүн элчиликтин кызматкерлери алар турган жерге барган. Элчиликтин аракеттеринин негизинде тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүп кармалгандардын 40кы коё берилген. Ал эми калган 10 жаран боюнча соттун чечими 48 сааттын ичинде кабыл алынат», — деп айтылат билдирүүдө.

ыргызстандын элчилиги бул окуяны тыкыр көзөмөлдөп турарын кошумчалады.

Булак: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу