Россияда кыргызстандык мигрант өрттөн каза болду

Жабырланган мекендештер «Ямата» деп аталган жергиликтүү фирмада иштегендиги айтылууда.

Ямало-Ненецк автономиялык аймагынын Салехард шаарындагы турак-үй өрттөнүп, андагы Кыргызстан жараны күйүп кетти.Бул туурасында аталган шаардын Тергөө башкармалыгы кабарлады.

Өрт ишембиден жекшембиге караган түнү чыккан. Маалыматта бир киши күйүп кетип, дагы экөө ооруканага түшкөн айтылган. Ким экендигин тактай келгенде алардын баары жергиликтүү «Ямата» деп аталган фирмада иштеген кыргызстандыктар болуп чыккан.

Алдын ала берилген маалыматтарда, өрттүн чыгышына газ боллон себепкер болгон. Аталган факты боюнча аймактык тергөө башкармалыгы иликтөө иштерин баштагандыгы кабарланды.

Булак: sputnik.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу