Россиядан Кыргызстанга унитаз жардам сурап кат жазган СДПКчы Абдыманап Кутушев

Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев ээлеген кызматынан өз каалоосу менен арыз жазып кетти. Буга Жогорку Кецештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитетинин 7-мартта төрагадан Кутушевди кызматынан бошотууну суранган билдирүүсү себеп болгон. Билдирүүдө Абдыманап мырзанын чет өлкөлөргө бир нече жолу себепсиз жасаган иш сапарлары жүйө келтирилген. Бирок чынында Кутушев төраганын атынан Россиянын мамлекеттик думасынын жетекчилигинен Жогорку Кеңештин туалетиндеги унитазга деп акча сурап жиберген жоругу себеп болуптур. Жогорку Кеңешти, төраганы уятка калтырган мындай жосунунун кесепетинен кызматынан айрылып отурат.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу