Криштиану Роналду машыгуу алдында камерага сүйлөп жаткан журналистти байкап калып, аны туурап кирген.
Италиянын «Ювентус» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду журналистти туураганын Р-Спорт агенттигине шилтеме берип жазды.
Роналду Мадриддин «Реал» клубунан «Ювентуска» 10-июлда өткөн. 33 жаштагы футболчу үчүн италиялык клуб 100 миллион евро төлөп берген. Футболчу «Реал» клубунда 2009-жылдан бери ойноп, Чемпиондордун төрт лигасын, Испаниянын эки чемпионатын, дүйнөлүк үч клубдук чемпионатты жеңген. Ал эми Португалия курамасында жүрүп 2016-жылы Европанын чемпиону аталган.
Булак: Спутник