Роза Шакирова жаңы үйгө жетип кубанып, тизмеге кирбей кубарып калыптыр…

 Жагымдуусу: 2018-жылы жаңы үйлүү болдум. Ойдо жок жерден ишке ашкан бул иш мен үчүн абдан жагымдуу болду. Таластагы үйүбүздү оңдоп- түзөп эле коңлу деп барганбыз. Ага кетчү чыгымды эсептетип көрсөк, 16 мин АКШ долларына чыгып кетти. Анан жолдошум экөөбүз ойлонуп үйдү толук бузуп, ордуна алты бөлмөлүү үй салдык.

Жагымсызы: Жаңы жыл жакындаганда КТРК «Көгүлтур от» берүүсүн тартат эмеспи. Жыл сайын катышуучулардын тизмесинде жок болуп калчумун. Быйыл чакырабы десем, бул жылы да мени тизмеге кошушпаптыр. Себебин билбейм. Бул мен үчүн албетте жагымсыз болду. Мейли, ансыз жашоом токтоп калбайт.

БУЛАК:Леди. kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу