Роза Шакирова: «Жаңы-Жылдык көгүлтүр оттон мени чийип салышыптыр, себеби эмнеде билбейм…»

Быйылкы «Көгүлтүр от» кечесине мени тизмеден Улуттук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков чийип салыптыр. Себеби эмне экенин түшүнгөн жокмун. Кат жазып кайрылгандан да уялып калдым. Мен ырдай албайт окшойм. Бүгүн Канат Култаевден уктум»-деп жазды ырчы Роза Шакирова жеке баракчасына.

Мындай билдирүүгө көпчүлүк Розанын күйөрмандары ырчыга болушуп, КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековду ар кандай сөздөр менен жемелеп эле жатып калышты.

Эске салсак, жыл сайын ырчылар Жаны-Жылды биринчилерден болуп тосоору белгилүү. Кыргызстандагы бирден-бир көрүнүктүү улуттук каналыбыз жыл сайын ырчылар арасында «Көгүлтүр от» кечесин уюштуруп келишет.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу