Роза Шакированын нааразычылыгына Илим Карыпбеков төмөнкүчө жооп берди…

Ырчы Роза Шакирова жакынкы күндөрдө эле өздүк баракчасына «КТРКнын жетекчиси мени “Көгүлтүр оттон” чийип салыптыр, эмне себептен андай болду билбей калдым»- деп нааразычылыгын жазып чыккан жери бар. Албетте, мындай билдирүү коомчулукту өзүнө бурбай койгон жок.

Ал эми мындай чоң талкууну жараткан  пикирге КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков өздүк  баракчасы аркылуу жооп иретинде пост жазды:

«Роза Шакированын жана башка кыргыз залкарларынын «Көгүлтүр от» программасына катышуусу боюнча. «Роза Шакированы Карыпбеков «Көгүлтүр от» программасынан былтыр дагы, быйыл дагы чийип салыптыр…» деген ызы-чууга 2-3 күн болду.

Роза Шакирова менен дагы, башка ырчылар менен дагы ысык-суугум жок. Баарына бирдей, тең мамиле жасайм. «Көгүлтүр от» программасына баардык «заслуженныйлар», «народныйлар» дегиле башка залкарлардын баардыгы тартылат. Өзгөчө эмгеги элге өткөн залкарлардын саны 180 ырчыдан бир аз ашат экен. 200гө жетпей калганына бир аз капа болуп, жакынкы арада буйруса залкарлардын катары дагы толукталып 200гө жетет деген ишенимдебиз. Ал эми атактуу, белгилүү ырчыларыбыздын саны 800дөн ашат экен. Жыл сайын УТРК кызматкерлеринин башы маң кантип залкарлардын залкарлуурактарын тандайбыз деп.

Жылдык «Көгүлтүр от» программасына ырчылардын жыл бою кылган эмгеги, жараткан чыгармалары, юбилейлери, эл аралык сынактарга катышып, татыктуу орундарга ээ болгондору, жыл бою КТРКнын көрсөтүү, каналдары менен тыгыз байланышта иштешип, эмгегин аябай келгендиги дагы эске алынып тандалат. Мен тандабайм, себеби бул чөйрөнү, залкарлардын залкардыгынын тереңдигин билбейм. Ошол себептен мен катышпайм тандоого. Тандоону ушул чөйрөнү жакшы билген КТРКнын аттуу-баштуу адистери тандайт, аларга ишенем. Анан мага тизмеси алынып келинип, мен кыңк дебестен бекитип берем. Залкарлардын балеесине калбайлы деп бул тандоону кылган адистерибиздин аты айтылбайт, себеби алар айрым залкарлардын түбөлүк душманына айланат, ошондуктан бул тандоо мага шылтанат. Мен КТРК жетекчиси болгондон кийин бул чечимди кабыл алам дагы, тандоону мен кылдым деп жоопкерчиликтүү коом алдында айтам. Шарт ошондой туугандар.

Мен билгенден Шакирова программага тартылат. Сабыр достор, сабыр.» -дейт Карыпбеков.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу