Роза Рымбаева кайсыл ырчыны урушту?

Белгилүү казак ырчысы Роза Рымбаева «Ойбай Life»казак телекөрсөтүүсүндө сахналаш ырчыны эмнеге урушканын айтып берди.

Акыркы кездерде Whatsapp, Instagram баракчаларына өнөр адамдарынын ичкен жегенинен бери сүрөткө тартып жатканына кабатыр болуп, аларга бир нече жолу эскертүү бергенин, а түгүл урушканга чейин барганын айтты.

“Мен ушул интернет желелерге кечке чейин өзүнүн сүрөтүн жүктөп, “мен бул жерде отурам”, “мен мындай буюм сатып алдым”,“мен бул жерде кетип бара жатам” деген сыяктуу жазгандарын жактырбайм. Жакында биз Караганда облусуна бир иш чарага барып, концерт бердик. Андан кийин бизди боз үйгө казакча даярдалган дасторконго чакырды. Алдыбызга дүрдүйүм тамактарды алып келди. Ушундай керемет дасторконду бир чыгармачыл адам, анын атын атабай эле коеюн, ал сүрөткө тартып, “Биз ушундай дасторкондо отурабыз” деди.Ошондо мен дароо эле ал адамды урушуп таштадым. “Эч качан мындай жасачу болбо, кара нан менен суу ичип отурган адамдар бар. Ошолорду ойлобойсуңбу? Канча карапайым адам кыйналып жашап жатат” дедим. Бирок ал түшүндүбү, түшүнгөн жокпу билбейм,”- деди Роза Рымбаева.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу