Экс-президент Роза Отунбаева бүгүнкү бийликти катуу сындады

«Жарандык көзөмөл комитети» уюму «Таза шайлоо — туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи» аттуу форум өткөрдү. Ага экс-президент Роза Отунбаева, экс-премьер-министр Темир Сариев, Феликс Кулов, Амангелди Муралиев, Равшан Жээнбеков,  Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар катышышты.

Анда Роза Отунбаева бүгүнкү бийлик мурдагыдай эле экенин айтты:

—Бүгүнкү кырдаал мурдагыдай эле болуп турат. Президенттикке талапкерлер мурдагыдай эле саясий куугунтукта. Башкаларына кылмыш иши козголууда. Атамбаевди жактабаган саясатчылардын айрымдары камакта. Бүгүнкү бийлик жасалма, жетишсиз негиздер менен камоодо. Мындай мамиле жоопкерсиздикке, каршылашууга, куугунтуктарга алып барат. Шайлоого душман эмес, атаандаш катары баруу үчүн саясий элитаны жоопкерчиликтүү болууга жана диалог түзүүгө чакырам!

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу