РОЗА ОТУНБАЕВА: БИЗДИН ЧИНОВНИКТЕР ЧАЛА САБАТТАР

Бул тууралуу Кыргызстандын мурунку президенти Роза Отунбаева бүгүн, 23-майда Бишкекте өтүп жаткан Туруктуу Элдик Кеңештин Улуттук курултайында айтып өттү.

“Кыргызстанда 300 миңге чейин бюджетте иштеген жарандар, анын ичинен 17 миңи мамлекеттик кызматкерлер, 17 миңдин 215и жогорку деңгээлдеги саясий ишмердүүлүк менен алектенген адамдар экен. Мына ушулардын ортосундагы ажырымды жоюу, коррупцияны жоготуу, бийлик өкүлдөрүн элдин алдында отчет бердирүү азыр баарыбыздын баш оорубуз болууда. Мына, 26 жылдан бери ушул көйгөй менен алышып, күрөшүп, чече албай келе жатабыз. Албетте, биз ар бир структуранын үстүнөн коомдук көзөмөлдөрдү түзгөнбүз. Бирок, биздин учурдагы чиновниктер чала сабаттар, алар шаркыраган суудай болуп эле өзгөрүп жатышат, тилекке каршы жыйынтык жок. Мурунку министр менен азыркы министрди салыштыруу таптакыр мүмкүн эмес, айырмасы асман менен жердей,” – деди Р.Отунбаева.

Андан ары Отунбаева кыргыздар кандай гана маселе болбосун, баарын Курултай аркылуу чечип келгенин, бул ата-бабалардан калган салт экенине, эл менен бийликтин ортосундагы ажырым, бийликтин эл алдындагы жоопкерчилиги, элдин кенебестиги сыяктуу курч маселелердин баарын ушул Курултай институту чечээрине үмүт артаарын белгиледи.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу