Роза Отунбаева: “Атамбаев өзүнө чейин жасалган иштердин баарын чийип салып, тарыхта мен эле бармын дегени – бул чоң жаңылыштык”

“Тышкы саясат боюнча биз өзүнчө эле секирик жасадык деп жатат. Мен билбейм каякка
секирик болду экен? Азыр Россия менен Батыш тирешип турат. Россия менен Америка
тирешип турат. Ушундай татаал ситуацияда биз “эки дөө тирешсе ортосунда чымын
болбой” жөн эле турганыбыз жакшы”, – деп билдирди кечээ, 1-сентябрда 2010-жылдагы
төңкөрүшчүлөрдүн Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева “Азаттыка” берген
видеоинтервьюсунда.
“Башканы коюп мобу жакынкы Казакстан менен жакшы мамилебиз жок, такыр. Бир
жылдан бери Казакстанда элчибиз да жок, билмексен болуп турабыз. Президенттик
шайлоого өтө чийки бойдон келе жатабыз. Эмне, президенттикке талапкерлердин
дебаттарын 1 жыл же жарым жыл мурун ачса болбойбу? Алар алдын-ала
программаларын элге айтып, талашып-тартышып, марага жарышып келсе болбойт беле?
Шайлоого 1 ай калды али дебаттары баштала элек. Ошондуктан талапкерлер улам
жулунуп, агитацияны баштап жиберип жатышат. Ошолорду эл шашпай тандашса болот
эле. Эми жанагы жаңы келген өкмөт да өзүнүн программасын парламентке келип алып
анан таркатып жүрөт. Булар элди ким деп ойлоп жатышат? Эмне өкмөткө келген 40 адам
менен парламенттеги 120 адамдын эле башы иштейт бекен? Ошолор эле Кыргызстандын
тарыхын чечет бекен? Керек болсо алардын тагдырын эл чечет. Программасын да эл
талкуулап чечиш керек эле. Бул деген эл менен эсептешпегендик. Экономикалык
дипломатияны илгерилетебиз дегени мурунтан эле бизде да, дүйнөдө да бар, ал
жаңылык эмес. Эми эптеп бир жарым ай ичинде ары-бери кыла коюп президентти да
шайлаганы жатышат. Мына, Монголияда президенттик шайлоодо биздикине окшоп 50
киши талапкер болуп чыкпайт экен. Анткени аларда президенттикке талапкерди
парламенттик партиялар гана көрсөтө алат . Парламентте 3 партия болгондуктан
президенттик жарышка 3 талапкер гана чыгат. Ошол 3 киши ошол 3 саясый күчтүн
жүзүн, программаларын ачып, алар келечекти кандай курарын көрсөтүшөт. Бизде болсо
так эрежелер жок, баары аралашып кеткен. Мына эл тараза, эл күзгү 2011-жылы
бийликти мен өзүм тапшырып кеткем, салтанатту аземде. Бүгүн болсо Атамбаев өзү да
айтып жатат, ага кошомат жасагандардын баары айтып жатышат “Бийликти тынчтык жол
менен тапшырган президент Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Атамбаев болот”
экен. Мен бийликти тапшырып жатканда “Атамбаев сөзсүз демократияны өнүктүрөт” деп
айттым эле… Бирок акыркы жылдары Атамбаев тарыхтагы өзүнүн ордун издеп калды.
Тарыхта эмнени калтырып жатам? Менин тарыхтагы ордум кандай болот? деп издей
баштап, анан баарын жокко чыгарып, өлкөнү бака-шака кылып, сапырып жиберди.
Өзгөчө былтыр 31-августтан кийин баарыбызга көрүнүп калды. Атамбаев кайсы уядан
чыкканын унутканын, уясын тебелеп-тепсеп “менин буга чейинкилерге эч кандай
тиешем жок, мен эң сонун иштерди жасап жатам” деп 2 жылдан бери мына ушундай
нерселерди айтып жатканы , буга да тарых сөзсүз өзүнүн баасын берет. Мен Атамбаевди
эч каралагым келбейт, “Жасаганынын баары жаман болду, туура эмес болду” деп.
Экономикада көп жакшы нерселерди жасады. Ошол эле Бакиев деле “Камбар-Ата – 2”
ГЭСин куруп кеткен. Анан Атамбаев Европага барса айланасындагылар “Биринчи жолу
Кыргызстандын президенти ушинтип Европанын 5 өлкөсүн кыдырып жатат” деп айтып
атышат. Араб өлкөлөрүнө барса да “Биринчи жолу Кыргызстандын президенти араб
өлкөлөрүн кыдырып жатат” дешет. Кыргызстандын тарыхы, эгемендүүлүгү 2010-жылдан
башталган жок да? Кыргызстандын эгемендүүлүгү 1991-жылдан башталган. Мунун
баарын эл билет, тарыхы жазылган. Азыр бирдеме кылып жатасынбы, анда сага даңк
жана алкыш! Бирок ага чейин жасалган иштердин баарын чийип салып, мен эле бармын
тарыхта дегени – бул чоң жаңылыш. Мен азыр буга айтышпайын дедим, буга тарых өз
баасын берсин. Эл баа берсин. Элдин алдында эми уяласың. 7 жыл чыкпай жатып биз ар
кимибиз ар тарапта болуп калдык, биздин бир жоро-жолдошубуз түрмөдө олтурат. Мен
болсо мурунку президент катары Эгемендүүлүк күнүнө да чакырылбайм”, – деди
Отунбаева.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу