Роза Отунбаевага «КР Баатыры» жогорку даражасын ыйгаруу сунушталды

Парламенттин экс-депутаты Эркингүл Иманкожоева Кыргызстандын мурунку президенти Роза Отунбаевага «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку артыкчылык даражасын ыйгарууну сунуштады. Бул боюнча ал социалдык тармактагы баракчасында жазган.

Анын пикирине ылайык, Отунбаева мындай сыйлыкка татыктуу.

«Кыргыз эл баатырына Р.Отунбаева татыктуу! Анткени ал мамлекетке тиешелүү жерге хан сарай салган жок, мамлекеттик резиденциядан чыгып кетти өз каалосу менен, балдарына мамлекеттин артынан бизнес жасаткан жок, чет өлкөгө учканда бир учак менен жалгыз сайраӊдап учкан жок, эл менен кошо учуп жүрдү, эӊ негизи аял болсо да КР оор убакытта башкарды! Ушактаган, кошоматчыларга туура баа берди!»,-деп жазды Эркингүл Иманкожоева.

Эске салсак, кечээ, 27-ноябрда, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, ошондой эле саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Булак: barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу