Роза Аманова медицина университетинин ректору болду

Кыргыз эл артисти, ырчы Роза Аманова Эл аралык медицина университетинин ректору болуп шайланды. Мындай кабар расмий эмес булактардан тарады. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары “эми кыргыздын келечектеги дарыгерлери артисттен билим алышаарын” айтып, таң калышууда. Ал эми расмий маалыматтарда, Р.Аманова бул университетти 2016-жылдын июль айынан бери башкарып келет. Бейформал маалыматтарга таянсак, аталган медициналык университет Кубанычбек Жумалиевдин бизнес империясынын бир бөлүгү жана окуу жайды пайда табуу үчүн иштетишет. Ал эми Роза Аманованын экс-премьер, ЖК депутаты, Кубанычбек Жумалиевдин жубайы экени маалым.

Юстиция министрлигинин базасы боюнча, университеттин негиздөөчүсү “Аструм-Берекет” ЖЧКсы, фирма Бишкектин Анкара көчөсү, 1/17 дарегинде жайгашкан, 2018-жылдын 25-июнунда кайра каттоодон өткөн. Ал эми “Аструм-Берекеттин” кожоюну Мырзабеков Султан Медетбекович менен “Берекет”ЖАКы.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу