Рита Карасартова: “Эреже бузбай айып пул төлөбөйлү деп өзүбүздү тарбиялагандын ордуна айып пулдун көптүгүн айтып капа болуп жатабыз”

Качан болсо калыс пикирин айткан, мыйзамсыздыкка каршы турган,  ар бир мыйзамдын артыкчылыгын, кемчилигин көрө билген Рита Карасартова менен баарлашып, жаңы жылдан кийин күчүнө кирген кодекстердин күңгөй-тескейи тууралуу ой бөлүштүк.

-Рита эже, жаңы жылдан кийин күчүнө кирген кодекстер коомчулуктун чоң талкуусуна кабылды. Элдин нааразычылыгын жараткан  кодекстердин  колдоого аларлык жактарын көрө алдыңызбы?

-Албетте, жакшы жагы да бар. Жаңы кодекс күчүнө киргенде  баш коргоо чарасын тандоо боюнча бир процесске катышып калдым. Милициялар урушкан эки аялды  камоого аракет кылышканы менен  мыйзамда так жазылыптыр. Эгер жасалган айыбы беш жылдан өйдө эркинен ажырата турган кылмыш болсо гана , ошондо  баш коргоо чарасы өзгөрөт экен. Жаңы мыйзамдын күчүнө киргенине ылайык милициянын камоого ашыкканына карабай урушуп кеткен аялды үй камагына  чыгарышты. Мурда  майда барат бейбаштык кылгандарды деле милициялар кармап, ишин сотко өткөрүп, камаганга кызыкдар болушчу. Бу сапар аларга андай ыкма колдонууга мүмкүнчүлүк берилбей калыптыр. Милициялар телефон уурдаганын көрүп турсак да, камай албай турган болуп калдыкпы деп кыжаалат болуп жатышат. Себеби алар, көп учурда каматып салам деп акча табышчу. Жаңы кодекстин жакшы жери майда барат нерселер үчүн камабай капчыгын кайыштырган айып пул салат. Аталган кодекстин ашыкча салынган айып пул жагы албетте мени да түрдүү ойго кептейт. Бирок, аны маселе кылбай деле турсак болчудай. Себеби, президент өзү катачылыктары, кемчиликтери оңдолуп, түзөлөт деди го. Азыркы нааразычылык жаратып жаткан жагдайларды оңдоп, түзөп эпке келтирсек болот.

-Бул кодекстердин максаты  элден айып пулду көбүрөөк  өндүрүү  эмеспи?

-Андай эмес, бирок элдин жашоо шартын эске албаган суммада айып пулдар жазылып калыптыр. Элдин көбүнүн маселеси ошол айып пул болуп жатат. Мен бир нерсеге таңгалдым. Эреже бузбай айып пул төлөбөгөнгө үйрөнөлү дебей эле тескерисинче айып пулду эле кеп кылып калдык. Түкүрбө, түкүрбөсөң 5 500 сом төлөбөйсүң. Мас болуп, машине айдаба, айдасаң 17 миң 500 сом төлөйсүң деп өзүбүздү өзүбүз тарбиялагандын ордуна айып пулдун көптүгүн айтып жатабыз.

Сиздин оюңузча жаңы кодексти толук аңдап түшүнө албай жаткан карапайым эл жээрип жатабы же аларды кимдир бирөөлөр ошол багытка буруп жатабы?

-Менимче башаламандыктан акча тапкандар, коррупциялык система менен тымызын жан багып көнгөндөр, кирешеси азайып,  акча түшчү булактары кысыла баштаганда мурунку эле кодекс жакшы болчу деген ойду коомчулукка сиңирип,  жаңы кодекстерди жээриген саясат жүргүзүп  жатышат.  Алардын оюу боюнча  милициядагылар эң төмөнкү айлык алып,  калган акчасын карапайым элди жүдөтүп туруп тапсын дешип, жаңы кодекс боюнча тескери пикирди жайылтышууда.

Элдин сынына кабылып, түрдүү нааразычылыктарды жарытып жаткан  кодекстер Атамбаевдин мезгилинде грант алуу үчүн жазылган дешет. Эгер ошол мезгилде жазылган болсо, азыркы бийлик коомчулукту дүрбөтпөй эле күчүнө кире электе неге оңдоп-түзөп койгон эмес?

-Бул кодексти жазып чоң өлчөмдө грант алышкан деген туура эмес, элди козутуу максатында тараган маалымат жалган. Тескерисинче, бул реформага көп акча бөлүнүп берилбей   грант берүүчү түрдүү органдардын баары  кол кабыш кылышкан. Маселен,  бири долбоорду жазууга жардам кылса, экинчиси видео көзөмөлдү орнотконго кол кабыш кылган. Кыскасы, бул долбоорго чаптап жаткан ири суммадагы каражат жалпы жасалган иш үчүн коротулган. Милицияларга жакын болгон эксперттер чоң каражат корогон, грант үчүн жазылган дегендей тескери маалымат таратып, элди дүрбөтүп жатышат.

Ошондой эле бул кодексти Атамбаевдин же азыркы бийликтин тушунда жазылган деп бирөөгө оодара  салуу туура эмес. Анткени, бул кодексти  азыркы парламент Атамбаевдин учурунда кабыл алган. Азыркы бийликтин тушунда күчүнө кирди. Ошон үчүн Атамбаевге чаптаганыбыз орунсуз болуп калат.

-Эмне үчүн кодекстер күчүнө киргенче олчойгон суммада айып пул сала турган жерлерди күн мурунтан белгилеп, эскертүү белгилерин илишкен эмес?

-Мунун баары иш комплекстүү болбогонунан кабар берет.  Жол эрежеси боюнча жана түкүрбө деген жерлерге тийиштүү белгилер коюлуш керек. Комплекстүү иштебеген үчүн ушундай маселелер жаралып, элдин нааразычылыгын күчөттү. Маселен, мыйзамды тийиштүү тармак жазып, кабыл алса, белгилерди орнотуу башка тармактын адистерине жүктөлгөн. Эреже бузууну тартып алган видео көзөмөлдү дагы бир  тармак орноштурат. Мына ушулардын баары  комплекстүү иш алып барбаганы  үчүн ушундай маселе жаралды. Кыскасы, кодекс күчүнө киргенде техникалык жактан да даяр болуш керек эле. Тилекке каршы, баары даяр болбогонунун кесепетинен айдоочуларда нааразычылык жаралып, белгилер толук коюлбаганы үчүн айып пулга жыгылып жатышат.

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу