Рита Карасартова КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан баш тартты

Кечээ, 2-ноябрда белгилүү укук коргоочу Рита Карасартова КР Өкмөтү сунуш кылган КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан баш тарткандыгы белгилүү болду. Бул тууралу бизге өкмөттөгү ишенимдүү булактарыбыз кабарлады.

“Сунушуңарга албетте ракмат, бирок, мен өзүм жакшы билген жана чоң өзгөртүү жасай алам деп ишенген участокко гана бара алам. Эмгек жана социалдык өнүгүү тармагында мен өзүмдү чоң кесипкөй деп эсептебейм. Ошондуктан министрдин орун басары тургай министрдик кызматты сунуш кылсаңыздар да ойлонуп туруп, анан чечмекмин”, – деп сылык гана баш тартыптыр Рита Карасартова өкмөттүн сунушуна.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу