“Республика-Ата журт” фракциясынын жаңы лидери Жыргалбек Турускулов аркар-кулжага аңчылыкты жактырат

3-апрелде, “Республика-Ата журт” парламенттик фракциясынын лидери алмашылып, Руслан Казакпаевдин ордуна Жыргалбек Турускулов шайлангандыгы маалым болду. Партиянын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов жаратылыш байлыктарын коргоп, аркар-кулжаларга аңчылык кылууга мораторий жарыялоону жактаган мыйзам долбоорун даярдап, өтпөй калганда капа болуп, акыры аны өткөрүү боюнча үмүт-тилек кылган болсо, эми ал тилеги таш кабат окшойт. Анткени “Республика-Ата журт” фракциясынын жаңы лидери Жыргалбек Турускулов Кызыл китепке кирген аркар-кулжаларга аңчылык кылуу боюнча алдына эч кимди салдырбайт экен. Анан ал кантип, партия негиздөөчүсүнүн аңчылыкка каршы болгон демилгесин улантсын!

Албетте, фракция лидеринин алмашып турушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анын эрөөн-төрөөнү жок. Бирок “Республика-Ата-журт” фракциясынын жаңы лидери Жыргалбек Турускуловдун партиянын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун парламенттеги ишмердүүлүгүн, тагыраак айтканда, Кыргызстанда кайберенге аңчылык кылууга мораторий жарыялоо боюнча көтөргөн демилгесин эми колдооруна күмөнүбүз бар!

Айта кетсек, Өмүрбек Бабанов депутат кезинде кайберенге аңчылык кылууга мораторий жарыялоо боюнча мыйзам долбоорунун Жанар Акаев, Эмил Токтошев ж.б. депутат- демилгечилеринин бири болгон. 2017-жылдын 16-мартында Жогорку Кеңеш Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун четке каккан. Анда 56 депутат мыйзам долбоорун киргизүүгө каршы, 52 депутат макул болуп, төрт добуш жетпей, мыйзам долбоору өтпөй калган.

“Республика-Ата журт” фракциясындагы 28 депутаттын бирөө гана добуш берүүгө катышпаса, калган 27 депутаттын баары кайберендерге аңчылык кылууга мораторийди колдогон. Анын ичинде Жыргалбек Турускулов да кайберенге аңчылыкка каршы чыккан болчу.

Ошондон кийин, 2017-жылдын 17-мартында, ал кездеги ЖК депутаты Өмүрбек Бабанов жапайы жаныбарларга аңчылыкка мораторий жарыялоо боюнча мыйзам долбоору өтпөй калганда фейсбук баракчасына капа болуп минтип жазган:

“Тилекке каршы, аңчылыкка мораторий жарыялоо боюнча мыйзам долбоорубуз өтпөй калды. Бирок биз мүңкүрөп калбай, жаратылыш кооздугу жана байлыгы үчүн күрөшүбүздү уланта бермекчибиз. Жаратылышты балдарыбыз үчүн сактап калгым келет. Биз сөзсүз мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгып, анын кемчилик жактарын оңдойбуз. Ошондо Кыргызстанда аңчылык кылууга тыюу салар күн да келет” деп жазган Өмүрбек Бабанов.

Бирок кайберенге аңчылыкка тыюу салар күн Кыргызстанда жакында келбей калды көрүнөт. Анткени экс-депутат Бабановдун фракция лидерлигинен кийин келген Руслан Казакпаевди, аңчылыкты жакшы көргөн Жыргалбек Турускулов алмаштырып калбадыбы. Эми Бабановдун аңчылыккка мораторий киргизүү боюнча үмүт-тилеги таш кабат окшойт. Анткени жогорудагы сүрөттөрдө көрүнүп тургандай, Жыргалбек Турускулов аркар-кулжаларга аңчылык кылып, андан ырахат алып келгенди жактырат экен.

Жогорку Кеңеш депутаты Жыргалбек Турускулов аңчылык кылууну жактырган “Марко Поло” аркары Кыргызстандын Кызыл китебине киргендиги маалым. Ошентсе да атайын уруксат менен кайберенге аңчылык кылууга уруксат берилген. Кыргызстанда аңчылык кылууга атайын уруксат берүүнүн аркасында аркардын саны азайып бараткандыгы айтылууда.

Аркарга аңчылык кылуу аз эмес каражат турат. Бир жолку лицензиясы эле 450 миң сом. Бирок биздин өлкөдөгү лицензия баасы дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө, мисалы Монголия, Тажикстан ж.б. караганда төмөн болгону менен, Кыргызстанда бул аз эмес каражат. Бирок кайберенге кайыл, каражатка кайыл адамдар, анын ичинде Жогорку Кеңеш депутаты Жыргалбек Турускулов, аңчылыкты улантып, Кызыл китепке кирген кайберенди кыра берет турбайбы.

Айжан Айтышева, “ПолитКлиника”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу