«Республика-Ата Журт» фракциясынын лидерлигине эки талапкердин аты аталууда

Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидерлигине эки талапкердин аты аталууда. Бул тууралуу фракциянын айрым мүчөлөрү билдиришет.

Ким лидерликке келет азырынча белгисиз. Бирок Курманкул Зулушев жана Талант Мамытов болуп калышы мүмкүн.

«Фракция бул маселени карап жатат. Балким башка талапкерлер дагы чыгышы мүмкүн. Жакында фракция жыйын куруп, баары маалым болот»,-дешти депутаттар.

Эскерте кетсек, күн мурун 13-ноябрда Өмүрбек Бабанов «Республика- Ата Журт» фракциясынын лидери болуудан баш тарткан.

Булак: 5news.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу