«Республика- Ата- Журтта» кызмат талаш

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов кызматынан бошотулду. Эми анын орду талашка түшүп жаткан кези.

ТЭЦтеги окуядан кийин коомчулукка таанылган Акылбек Жамангулов аталган комитетти көптөн бери эңсеп келет. Резюмеси премьер-министрге 3 ай мурун эле жөнөтүлгөн. Бирок Абулгазиев бир нерсе үмүт кылып жатканбы, Жамангулов жаш, тажрыйбасы жок экен деп кыйгачтап коюптур.

Ушундан уламбы же мурда эле көксөп, көздөп жүргөнбү «Республика — Ата-Журт» фракциясынын түндүктөн түшкөн лидери Жыргалбек Турускулов мен болом деп шымаланып жатыптыр.

Сыягы,майталкандуу жерди кергөндө фракция башчылыгынан кечип кеткенге даяр окшобойбу?

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу