Ренат Самудинов, бозгундагы активист: «Кыргыздын тыңдарынын баары айласыздан четке чыгып кетишүүдө»

Ренат мырза, АКШга кандай максат менен аттандыңар? Элнура экөөңөр кандай иштер менен алектенүүдөсүнөр?

— Буюрса, көнүшүп жатабыз. Элнура экөөбүз тен, азыр биздин документтердин колго тийүүсүн күтүп жатабыз. Ошол эле учурда англис тилин өздөштүрүп, окуп жатабыз. 1,5-2 жыл мурун мени «чет элде жашайсың» дешсе ишенмек эмесмин. Себеби, мен көп эле чет өлкөгө чыккам, бирок «ошол жакта жашайм» деген ой келчү эмес. 2016-жылы эле АКШга келип кеткем. Ошондо АКШдагы дос балдар менен жолукканда кээ бири «калып калбайсыңбы» деп сунуштаган. Алардын сунушуна «менин Кыргызстанда чоң пландарым бар» деп жооп берип койгонум эсимде. Кыргызда айткандай, «ат баспайм деген жолун миң басат» дегендей болуп, АКШга келип кеткенден кийин бир жылдан ашыгыраак убакыт өткөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кетишке туура келди. Эгерде мен мурун эле «АКШга жашайм» деген оюм болгондо башка адамдардай болуп эле бул жакка келгенде калып калмакмын да. Алгач келгенде дос балдарым кыйынчылыктарды билгизбей тосуп алышты. Колдон келген жардамдарын көрсөтүшкөн. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, аларга рахмат айтып кетким келет.

— Кыргыз деген мекенчил уул катары бүгүнкү саясый акыбалга кандай ой жүгүртөсүң?

— Бүгүнкү саясый акыбал оор эле. Себеби, бизде саясатчылар мамлекетти ойлобой өз кызыкчылыктарын көздөгөнүн улантууда. Ушундай өңүттө кете берсе, мамлекеттин келечеги кыйын болуп калат. Мамлекетти башкаргандар баягы эле 20 жылдан бери башкарып келгендер. Эч өзгөрүү жок. Кыргыздын тыңдарынын көпчүлүгү айла жок четке чыгып кетип жатышат. «Күчтүү мамлекет түптөйбүз» десек четте жаңы технологиялык өзгөрүүлөрдү көргөн, ошол жакта иштеген жаштарды алып келип иштетсек тезирээк оңолот элек. Андайга биздин чоңдор жол бербей жатпайбы. Анын ордуна баягы эле интрига уланууда. Биз саясый атаандаштыкты саясый өч алуу катары түшүнүп алган окшойбуз.

— Коррупция менен болгон күрөш канааттандыруудабы?

— Коррупция менен күрөш бир эле камоо менен коштолбой, коррупцияны болтурбоо, алдын алуу механизмдери менен коштолуусу абзел. Экинчиден, азыркы камоолор кээ бир коррупцияга малынган аткаминерлерди айланыш өтүп жаткандай элес да калтырууда. Мүмкүн аларга да кезек жетээр…

— Качан кайтып келүү пландарың бар?

— Кудайым буюрса, биз да кайтып барчу күн келет. Ошол күнгө чейин бул жактан билим топтоп, мекенибизге пайдабызды тийгизүү үчүн көп нерсени уйрөнүүгө дилгирбиз.

БУЛАК:  АЗИЯnews 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу