Регионалдык баланс сакталбай калды. Чыке спикерликтен кетиши зарыл

Ошентип, Сапар Исаков премьер-министр болуп шайланды. Кандай гана кара пиарлар
орун албасын, ал баарын жиреп өтүп, мамлекеттин жогорку кызматынан орун алды.
Коомчулук жаш кадрдан үмүт кылып турганы байкалууда. Сапар мырза кочкорлук болот.
Спикер Чыныбай Турсунбеков нарындык. Ошондо эң жогорку эки креслону Теңир-
Тоонун кулундары ээлеп алышы кандай ыя? Башка региондогу элибиз нааразы
болбойбу? Андыктан, Турсунбеков кызматын өткөрүп берип, жөн эле депутат болуп
жүрүшү мезгилдин талабы болууда. Эмитен эле эл ичинде тескери кептер башталып
аткандай, «эки нарындык болобу? Бири өкмөт башчы, экинчиси спикер. А башка
регионалдык баланс неге сакталбайт?» дегендей каңкуулашууда. Сыягы, Чыке сентябрь
айы менен төрагалык кызматын сыйы менен тапшырып кетпесе, саясый кырдаал ырбап
кетпейби?

Булак: “Азия ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу