Рахман Разыков, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, сатирик: «АПАМДЫН КАЗАНЫ ДАЙЫМА КАЙНАП ТУРЧУ»

«Жашоо-турмуш, чыгармачылык, коомдогу маселелер, үй-бүлө туурасындагы интервью болсо машина айдап бара жатып деле бере берет элем. Апа жөнүндө айтыш оор экен» дейт сатирик, акын Рахман Разыков. 60тын кырынан ашып, жалпы адамзатынын, анын ичинде эненин ордун, баркын билген куракка жеткен Рахман мырза энеси туурасындагы ар бир сөзүн таптап, маани берип, ошол эле учурда үшкүрүп айтып берди.

«МЕНИН ТОКТООЛУГУМ АПАМА ОКШОШ»

– Апам Умсунай Разыкова 1924-жылы төрөлгөн экен. 66 жашында, 1990-жылы кайтыш болду. Азыр өзүм 62демин. Жаш кезде 60тан өткөн адамдарды аябай карып калган деп эсептечүмүн. Көрсө, андай эмес экен. Апам Куршабдагы Кызыл-Cеңир деген жердеги Абит деген миң башынын кызы болгон. Таятам элди көп жыл башкарып, калыс сүйлөгөн адам болуптур. Совет бийлиги орногондо сүргүнгө айдалып кетиптир. Апам атамдан 12 жаш кичүү болчу. Раматылык атамдын 1-аялы улуу агабызды төрөгөндөн кийин каза болгон. Баласы 7-8 айга толгондо анан апамды алыптыр. Апам ал агабызды өз баласындай чоңойтту. Бала негизи үй-бүлөдө атага эмес, энеге жакын болот окшойт. Мен да апама жакын элем. Апам өтө токтоо, сабырдуу, кандай маселе, жаңжал болбосун өзүн алдырбаган, кайсы учур болбосун ойлонуп сүйлөгөн жан эле. Атам дагы ошондой адам болгон. Бирок экөөнү салыштыра келсем, бул жагынан апам утмак болуш керек. Менден азыр «эмнеге сиз такыр ачууга алдырбайсыз?» деп сурай беришет. Мен өзүмдөн чыгып, бирөө-жарым менен урушуш үчүн кандай окуяга туш болушум керек билбейм. Менин мындай токтоолугум ата-энемден калган белек деп билем.

«АЗЫРААК СҮЙЛӨП, КӨБҮРӨӨК УГАТ ЭЛЕ»

– Атам менен апамдын бири-бирине катуу айтып урушкандары такыр эсимде жок. Айрым аялдар күйөөсү менен урушуп төркүнүнө кетип калса, төркүнүнөн алып келип, мушташып кеткендерди элдештирип, кошуна-колоңдордун жаңжалын басып эле жүрүшчү. Кичинемде кайдан билем, экөөнү ушундай жумушта иштейт экен дечүмүн. Азыр ойлосом, айылыбыздагы калыс сөзүнөн тайбаган, башкаларга үлгү адамдардан экен. Атам мектепте көп жыл мугалим болуп иштеген. Айылдаштардын баары агай дешчү. Уруш-талаш чыкса эле эмнегедир апамды ээрчитип алып жөнөп калчу. «Мен бир нерсени айтсам, аны андан ары улап, колдоп-коштоп кетет» деп ишенчү окшойт. Апам аялдар менен сүйлөшүп отурганда азыраак сүйлөп, көбүрөөк угат эле. Адамды уга билүү да акылмандык, мыкты сапат экенин кийин түшүндүм. Ошондон улам «сүйлөп жаткан эмес, угуп жаткан адам акылдуу» деген сөз бекеринен чыкпаса керек. Менин сахнанын адамы болуп калышыма апамдын түздөн-түз таасири бар. Себеби апам бир нерсени ушундай чеберчилик менен айтып берчү экен. Мисалы, базарга барып келгенден кийин бирөө «каякка барып келдиң?» деп сураса, ал жакка барып келгенин укмуш сүрөттөчү. «Базарга бара жатып баланчага жолуктум. Ал «каякка?» деди» деп жолуккан адамынын үнү менен сүйлөп, окуяны чеберчилик менен баяндаар эле. Апамдын эл менен сүйлөшкөнүн угуп, адамдар менен ушинтип сүйлөшүш керек турбайбы деп ойлочумун. Айтып берип жатканда окуяга катышкан адамдардын баары көз алдымдан чууруп өтүшчү.

«АТАМ МЕНЕН АПАМ МЕНИ ЫРАС ЭЛЕ САБАПТЫР…»

– Артка кылчайганымда 6 жашымдан берки мезгилимди эстейм. 6 жаштын ары жагы такыр эсимде жок. Апамдын айтканын кылбай коюп уруш угуп же таяк жеген жокмун. Кичинемде балдар менен да мушташкан эмесмин. Мектепте балдар мушташса, мен алардын сумкаларын кайтарып турчумун. Класстарга бөлүнүп мушташып, анан 1-атаман, 2-атаман деп келишчү. Бирок 4-классымда апам эле эмес, атам экөөлөп урган. Алар конокко кетип, үйдө Абдраим деген досум экөөбүз калдык. Досум экөөбүз атамдын тамекисин тартабыз деп күйгүзүп алып соруп, түтүнүн чыгарып жатып үйдүн ичин түтүнгө толтуруп салыптырбыз. 3 куту тамекини тартып бүтүп калганыбызда апам менен атам келип калып аябай сабашкан. Ырас эле сабашкан экен, ошондон кийин экинчи тамеки чеккен жокмун. Бул жагынан 20-30 жылдык тажрыйбам жок, менин бир эле күндүк тажрыйбам бар.

«АПАМ ЖАНДА ЖОК ЭЛПЕК БОЛУПТУР»

– Биздин үйдөн киши үзүлчү эмес. Азыр үйгө бир күндө 2 конок келип калса айласын таппай калган кожойкелер бар. Апамдын казаны дайыма кайнап турчу. Жаңы эле тамак жасап бүтүп, кайра жаңы тамак баштачу. Кабагым-кашым дебей эле конок тосо берчү. Киши келбей калган күнү баарыбыз бир башкача болуп калчубуз. Согуш убагында жетим калган 6-7 баланы баккан. Алар биз менен бир туугандай бир үйдө чоңоюшту, кийин бой жеткенде үй-бүлө күтүп бөлүнүп кетишкен. Биз үйлөнгөндөн кийин апам келини турса деле тура калып дасторкон жайып, тамак жасап кирчү. «Апа, болбодубу эми, келиндериңиз турат го» десем, «биз көнүп калбадыкпы» деп калчу. Ал кезде булардын баарын башкача көрчүмүн, жаштардан идиш-аяк талашпай эле койбойбу дегендей кылсам керек. Азыр жашым минтип алтымыштан өткөндө ойлосом, апам жанда жок элпек да болуптур. Мен мээримдүү көрүнгөн аялдардан апамдын элесин, мээримин издей берем, бирок таппай келем. Эмнегедир аларды апама салыштыра бермейим бар.

«АТАМ АПАМА «СЕН ОКУП КАЛГАНЫҢДА БИРДЕМЕ ЧЫКМАК» ДЕП КАЛЧУ»

– Атам ыр жазган, куудул киши болгон. Барган жеринде элдин баарын күлдүргөн, таң аткыча уктатпаган адам эле. Атам кээде кайрыктарды таппай же уйкаштыра албай жатса апам улап берчү. Ошондо атам «сен окуп калганыңда бирдеме чыкмак эле» деп күлүп калчу. Апам сабаты жоюлбаган, бала менен үйдө отурган аял болгону менен, дайыма атамдын ишинин оорун колдон, жеңилин жерден алып турчу. Биз 6 бир тууганбыз, 4 уул, 2 кыз. Апам бизди турмушка өтө бышырып тарбиялаган экен. Адамдар менен дайыма жакшы мамиледе болууга, оор басырыктуулукка үйрөтүптүр, мен ошого ыраазымын. Апамдын балдарына кылган мамилесинен улам жогорку окуу жайын бүткөн адам гана жакшы тарбия бере алат дегенге кошулбайм. Кудай берген жашты жашайбыз дечи, апам 66 жаш курагында о дүйнө салды. Биздин сууну туздуу, ички органдарга таш көп чогулат деп коюшат го. Апамдын боорундагы таштарды алдыргандан кийин боордун циррозу болуп, ошонун айынан кете берди. Бардык бир туугандар үйдө элек. Ажал жакындап калганын билип, биз менен коштошуп отуруп эле үзүлдү. Дагы 20-30 жыл жашаса эмне?! Жүрөгүмдү өйүтүп, өкүндүргөнү – менин ийгиликтеримди көрбөй калганы. Эгер көрсө, ыраазы болот беле, сүйүнөт беле… Эми бул жашоонун мыйзамы экен, ушундай болуп калды. Эгер арбак көрүп турган болсо билер.

«АПАМ БИР ЖОЛУ…»

«Апам кичинемде сүйрөп жүрө турган бир машина алып берген. Аны сүйрөп алып ылай көчөлөрдү, таштак жерди аралап, өзүмдү укмуш сезгем. Азыркынын тили менен айтканда, Мерседес айдагандай эле болгом».

«Кызыл ыштан кийгизгени эсимде. Анда азыркыдай дүкөн деле жок, колго тигип берчү. Ар бир жаңы кийимдүү болгонум чоң майрам эле».

«1960-жылдары ун азайып, талон менен берилип жаткан убак эле. Куршабдан Кара-Суу шаарына барып, кезекке туруп 3 килограммдан ун алып, кайра эшек араба менен үйгө келчүбүз».

«Бир жолу апам экөөбүз кечки саат 8деги автобус менен Ташкентке жөнөп калдык. Бир маалда эстеп, карышып кыйнала баштады. «Балам, сен туруп айтчы. Бир киши катуу ооруп жатат бул автобуста, кирене кириптир. Аны айыктырбасам мен жаман боло берем» деди. Караңгыда автобуста тааныбаган эле кишилерден «сен ооруп жатасыңбы?» деп сураш кыйын экен. «Апа, кантип сурайм?» десем болбойт. Айла жок туруп сурадым. Артыбызда отурган бир аял «балам, мен ооруп баратам» деди. Апам аны бат эле айыктырып койду».

«Апам сөз жүзүндө «мындай бол, бул жол менен бас» деп ачык айтпаса да, баскан-турганы, элге мамилеси менен жашоого туура багыт берген экен. Ошол багыт менен өмүр кечирип келе жатам».

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу